# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N 315 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N 315 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 315
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58447>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12242/edition/327568/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58447.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N 315 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд жөнүндө" Токтому (09.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58447

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2010-жылдын 9-февралындагы № 85 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 7-августу N 315

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча

мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-

даштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын

30-ноябрындагы" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республи-

касынын Президентинин 2007-жылдын 22-январындагы N 11 Жарлыгына ылайык,

Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик

комитетине караштуу Миграциялык фонддун милдеттерин жана функцияларын

кењейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча

мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд (мындан ары - Миграци-

ялык фонд) жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Миграциялык фонд Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке ор-

ноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Иммиграциялык фонддун

укук улантуучусу болуп санаалары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча

мамлекеттик комитети:

- Миграциялык фонддун штаттык санын бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго

ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды кир-

гизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Миграциялык фондду

кармоого 2007-жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде Миграциялык

фондду каржылоону жүргүзсүн.

5. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-апрелиндеги N

231 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-

кеттик комитетине караштуу Иммиграциялык фонд жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын "Тышкы иштер министрлигине караштуу Им-

миграциялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

17-апрелиндеги N 231 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кирги-

зүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-августун-

дагы N 652 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы N

603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-

кеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомунун 9-пункту.

Премьер-министр А.Атамбаев
