# Кыргыз Респуьликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Респуьликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 313
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12240/edition/1080798/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Респуьликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" Токтому (07.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58445

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7- апрели № 201 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 7-августу N 313

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы №412 2009-жылдын 27-июнундагы №419 токтомунун редакциясына ылайык)

Токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улут- тук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана

улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2.Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана

улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлери үчүн Бирдиктүү тарифтик торчонун биринчи разрядынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:

- 2007-жылдын 1-июлунан тартып - 340 сом;

- 2008-жылдын 1-январынан тартып - 530 сом;

- 2009-жылдын 1-январынан тартып - 690 сом.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №419 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана

улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы N 561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу социалдык-маданий уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө үчүн Бирдиктүү тарифтик торчого ылайык төлөнөөрү белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-октябрындагы N

678 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын кызматкерлери- нин эмгегине акы төлөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр А.Атамбаев
