Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген) Интернатура жөнүндө ЖОБО
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 декабря 2017 года № 798 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О медицинском последипломном образовании в Кыргызской Республике" от 31 июля 2007 года № 303"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-12-11.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 798 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 31-июлундагы
№ 303 токтому менен
бекитилген
Интернатура жөнүндө
ЖОБО
1. Интернатура - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлиги тарабынан бекитилген интернатурадан өтүү каралган медициналык
адистиктердин тизмесине ылайык жогорку медициналык билим берүү уюмдары-
нын (мындан ары - билим берүү уюмдары) бүтүрүүчүлөрүн дипломдон кийинки
бир жылдык адистештирүү болуп саналат.
2. Интернатуранын милдети билим берүүчү уюмдардын бүтүрүүчүлөрүнүн
практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, өз алдынча медициналык ишмердикке
даярдоо болуп саналат.
3. Артыкчылык дипломун алган жана окуунун бюджеттик же контракттык
негизинде клиникалык ординатурага же аспирантурага окууга өтүшкөн меди-
циналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү интернатурадан өтүүдөн бо-
шотулат.
4. Интернатурада окуу мөөнөтү узактыгы 28 календардык күн болгон
эмгек отпускасын кошкондо - 12 ай.
Интернатурада окуу мезгили кесиптик жана жалпы эмгек стажына ки-
рет. Билим берүү уюмдарындагы интерн-врачтарга эмгек китепчеси ачылат.
5. Интернатурадан өтүп жаткан медициналык ЖОЖдун бүтүрүүчүсү ин-
терн-врач болуп саналат.
6. Интерн-врачтарды окутуу бюджеттик же контракттык негизде дип-
ломдон кийинки медициналык билим берүүгө тиешелүү лицензиясы бар билим
берүү уюмдары жүргүзөт.
7. Интернатурадагы окууну каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр
эсептелиши мүмкүн:
- бюджеттик каражаттар (мамлекеттик заказ);
- саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттары;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын же жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын каражаттары;
- интернатурага контракттык негизде тапшырган адамдардын каражат-
тары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булак-
тар.
8. Интерн-врачтарды окутуу мамлекеттик билим берүү стандарттарынын
эске алуу менен окуу пландарына жана типтүү программаларына ылайык би-
лим берүү уюмдарынын клиникалык базасы катары Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген Саламаттык сактоо
уюмдарында ишке ашырылат.
9. Билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсү ал билим берүү уюмунда алган
базалык адистигине таандык адистиктер боюнча гана интернатурага тапшы-
рууга укуктуу.
10. Интернатурага тапшырууда берилүүчү документтер:
- арыз;
- ЖОЖду бүтүргөндүгү жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
- кадрларды каттоо боюнча жеке барагы;
- өмүр баяны;
- белгиленген үлгүдөгү (ф.086у) ден соолугунун абалы жөнүндө маа-
лымкат;
- 3x4 өлчөмдөгү эки сүрөт.
Паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчесин өзү көрсөтөт.
11. Интернатурага окууга медициналык ЖОЖдордун (факультеттердин)
жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация тапшырган жана жогорку медициналык
билими жөнүндө диплом алган бүтүрүүчүлөрүнө жол берилет.
Интернатурага окуунун бюджеттик негизине кабыл алуу конкурс боюнча
жүргүзүлөт. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Саламаттык сактоо министрлиги, билим берүү уюму жана интерн-врачтын
ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимге кол коюлат.
Үч тараптуу типтүү келишим Кыргыз Республикасынын Саламаттык сак-
тоо министрлиги тарабынан бекитилет.
12. Медициналык билим берүү уюмунун буйругу боюнча аталган уюмдан
жана клиникалык базалык уюмдан интерн-врачтардын жетекчилери дайында-
лат.
Интерн-врачтын билим алуусу жана врачтык ишмердиги жогорку квали-
фикациялуу адистеринин жетекчилиги алдында өткөрүлөт.
13. Интерн-врачтарды окутуу мамлекеттик билим берүү стандарттары-
нын талаптарына шайкеш келген окуу пландары жана типтүү программалары
боюнча жүргүзүлөт.
14. Интернатурадагы окуу мезгилинде интерн-врачтар саламаттык сак-
тоонун билим берүү жана клиникалык базалык уюмдарынын жетекчилигине баш
ийишет.
Интерн-врачтарга клиникалык базалык уюмдун медициналык кызматкер-
лери үчүн белгиленген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана кол-
лективдик келишимде каралган ички тартип эрежелери, жењилдиктер колдо-
нулат.
15. Интерн-врачтар үчүн жумушчу күндүн узактыгы жана жүктөмүн нор-
мативдери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган окуу
пландарына жана типтүү программаларына ылайык белгиленет.
16. Интернатурадан өтүү мезгилинде интерн-врачтарды Кыргыз Респуб-
ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган тартипте
саламаттык сактоонун бир уюмунан башкага которуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
17. Интерн-врачтар интернатурага окууга 10 календардык күндүн
ичинде окууга киришпесе окуудан чыгарылууга тийиш.
18. Окуу мезгилинде интерн-врачтын тартип бузуулары жөнүндө мате-
риалдар саламаттык сактоо уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгек
мыйзамдарына ылайык каралат жана билим берүү уюмуна чара көрүү үчүн жи-
берилет.
19. Окуудан чыгарылган интерн-врачтар белгиленген тартипте интер-
натурага калыбына келтирилүү укугуна ээ.
20. Бюджеттик негизде окуган интерн-врачтарга стипендия белгиле-
нет.
21. Дарылоо-алдын алуу иш жүргүзгөн интерн-врачтарга "Кыргыз Рес-
публикасынын саламаттык сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июнундагы N 411 токтому-
на ылайык алардын арызы боюнча ички келишүү тартибинде эмгек акы алууга
уруксат берилет.
22. Жогорку медициналык билими бар адамдарды чет мамлекеттерде ин-
тернатурага кабыл алуу билим берүү жөнүндө документтердин белгиленген
тартипте легалдаштырылгандан кийин ишке ашырылат.
23. Контракттык негизде окуунун наркы Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында белгиленген тартипте аныкталат жана бекитилет.
24. Интернатурадагы интерн-врачтарга зарыл учурларда саламаттык
сактоо уюму тарабынан окуу мезгилине кызматтык турак жай менен камсыз-
далышат.
25. Билим берүү уюмдары саламаттык сактоо уюмдары менен бирдикте
төмөнкүлөрдү ишке ашырышат:
- интернатуранын кесиптик программаларын ишке ашыруу;
- кафедралардын жана саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин
ичинен интерн-врачтардын жетекчилерин тандоо;
- интерн-врачтарды окутуучу уюмдарга методикалык жетекчилик жана
контролдоо.
26. Саламаттык сактоо уюмдарында интерн-врачтардын жетекчилерине
"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлерине эмгек акы тө-
лөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июнундагы N
411 токтомуна ылайык кызмат маяналары 10 процентке жогорулатылат.
27. Интернатуранын кесиптик программасын өздөштүргөн жана мамле-
кеттик аттестациядан өткөн интерн-врачтарга белгиленген үлгүдөгү серти-
фикат (күбөлүк) берилет.
Жогорку медициналык билим жөнүндө диплом жана сертификат (күбөлүк)
кесиптик иш жүргүзүү үчүн негиз катары кызмат кылат.
28. Интернатураны бүтүргөндүгү жөнүндө сертификатты (күбөлүктү)
медициналык билим берүү уюму берет. Бюджеттик негизде окууну аяктаган
интерн-врачтар сертификатты (күбөлүктү) жиберилген жери боюнча алар жу-
мушка орноштурулгандыгын тастыктагандан кийин Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен алышат.
29. Билим берүү уюмдарынын клиникалык базасы болуп саналган жана
интерн-врачтардын окутууну ишке ашыруу саламаттык сактоо уюму окуу жылы
үчүн иш-аракеттердин жыйынтыктары жөнүндө отчет, ошондой эле интернату-
радан өтүүнү андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды берет.
Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министр-
лигине интернатурадан өтүү жөнүндө ар жыл сайын жыйынтык отчет берет.
30. Бюджеттик негизде окууну аяктаган интернатуранын бүтүрүүчүлөрү
үч тараптуу келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жолдомосу боюн-
ча кеминде эки жыл иштеп берүүгө милдеттүү.
31. Бюджеттик негизде окууну аяктаган интернатуранын бүтүрүүчүлөрү
жиберген жерден иштөөдөн баш тарткан же толук иштебеген учурда үч та-
раптуу келишим боюнча апарды даярдоого мамлекеттин сарптоолорунун ордун
толтуруп беришет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-сентябрындагы № 303 Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки медициналык билим берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2007 · № 303
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 798 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 "Кыргыз Республикасында медициналык дипломдон…Постановление · 11.12.2017 · № 798
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июнундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 06.06.2006 · № 411 · Күчүн жоготкон