# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-августундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык зонаны жоюунун максатка ылайыктуулугуна толук экономикалык талдоо жүргүзүү боюнча Өкмөттүк комиссия түзүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-августундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык зонаны жоюунун максатка ылайыктуулугуна толук экономикалык талдоо жүргүзүү боюнча Өкмөттүк комиссия түзүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 310
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12237/edition/327559/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-августундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык зонаны жоюунун максатка ылайыктуулугуна толук экономикалык талдоо жүргүзүү боюнча Өкмөттүк комиссия түзүү жөнүндө" Токтому (06.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58440

---

КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 1-апрелиндеги 205 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 6-августу № 310

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык

зонаны жоюунун максатка ылайыктуулугуна толук экономикалык

талдоо жүргүзүү боюнча Өкмөттүк комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык зона-

ны жоюунун максатка ылайыктуулугуна толук экономикалык талдоо жүргүзүү

боюнча тиркемеге ылайык курамда Өкмөттүк комиссия (мындан ары -

Өкмөттүк комиссия) түзүлсүн.

2. Өкмөттүк комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасы-

нын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги аныкталсын.

3. Өкмөттүк комиссия зарыл учурларда Кыргыз Республикасынын ми-

нистрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомс-

тволорунун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамле-

кеттик администрацияларынын кызматкерлерин ишке тартууга укуктуу экен-

диги белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет-

теринин, администрациялык ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка

органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери

Өкмөттүк комиссиянын Төрагасынын (төрагасынын орун басарларынын) су-

роо-талабы боюнча зарыл маалыматтарды берип турушсун.

5. Өкмөттүк комиссия 2007-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыр-

гыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык зонаны жоюунун

максатка ылайыктуулугуна толук экономикалык талдоо жүргүзсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык зона-

нын иштериндеги укук бузуулардын фактылары боюнча материалдар Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чараларды көрүү үчүн укук

коргоо органдарына жиберилүүгө тийиш экендиги белгиленсин.

7. "Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналардын иштеринин

натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 17-мартындагы № 179 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 6-августундагы

№ 310 токтомуна

тиркеме

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык

зонаны жоюунун максатка ылайыктуулугуна толук экономикалык

талдоо жүргүзүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын курамы

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри,

комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри-

нин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-

кеттик комитетинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

компетенциясына эркин экономикалык зоналардын маселелери кирген

комитеттин курамындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депута-

ты (макулдашуу боюнча);

компетенциясына эркин экономикалык зоналардын маселелери кирген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын подразделениесинин жетек-

чиси;

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин

төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик

комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын

орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-

ды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрация

башчысынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу

боюнча);

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын

орун басары (макулдашуу боюнча).

Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси-министр М.Исмаилов
