# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-августундагы № 305 "Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-августундагы № 305 "Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 305
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12233/edition/354336/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-августундагы № 305 "Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө" токтому (23.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58435

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-июнундагы № 401 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 1-августу № 305

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Алтын кендеринин Терексай тобун

өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканын өсүшүн камсыздоо үчүн

маанилүү милдет алтын кендерин өздөштүрүүнү тездетүү болуп санала тур-

гандыгын белгилейт.

Алтын кендеринин Терексай тобу "Терек" ("Межпластовое"), "Терек-

кан" жана "Перевальное" кендерин камтыйт. Мында "Кыргызалтын" ачык ак-

ционердик коому (мындан ары - "Кыргызалтын" ААК) "Терек" кенин өткөн

кылымдын 50-жылдарынын аягынан тартып, ал эми "Тереккан" кенин

2002-жылдан тартып өздөштүрүүдө.

Флотациялык концентратты кайра иштетүүнүн аяктоочу технологиялык

циклин курууга жана кендердин Терексай тобун иштетүүгө "Кыргызалтын"

ААКнын жетиштүү бош акча каражаттары болбогондугун көњүлгө алуу менен

көрсөтүлгөн кендерди тездетип өздөштүрүү үчүн кен байлыктарды пайдала-

нуу укугуна ачык конкурс өткөрүү зарыл.

Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүгө инвестицияларды тар-

туу үчүн шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-

лат:

1. Кендердин Терексай тобун иштетүү ачык конкурс өткөрүлгөндөн ки-

йин гана ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети:

- "Кыргызалтын" ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда

төмөнкүлөрдү карасын:

Терексай тобунун алтын кендериндеги запастарды батыш стандарттары-

на кайра классификациялоо менен ага үч айлык мөөнөттө аудит жүргүзүү

максатында эл аралык стандарттар боюнча иштеген аудитордук же консал-

тингдик компанияларды жалдоо жана алардын кызматына акы төлөө жөнүндө;

Эл аралык фондулук рынокто сертификацияланган эксперт/консультант

тартуу менен алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнүн алдын ала

техникалык-экономикалык негиздемесин, анын ичинде финансы-экономикалык

моделин иштеп чыгуу жөнүндө;

Терексай тобунун алтын кендеринде аларды иштетүү максатында өздө-

рүнүн активдеринин базасында биргелешкен ишкана түзүүгө "Кыргызалтын"

ААКнын катышуусу жөнүндө;

- көрсөтүлгөн жол-жоболор аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик

агенттик менен бирдикте 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында мам-

лекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө программага "Кыргызалтын" ААК-

нын активдеринин (Терексай тобунун алтын кендеринин) бөлүгүн менчиктеш-

тирүүгө тиешелүү тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимдин дол-

боорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-

төлсүн.

Премьер-министри А.Атамбаев
