# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 30-июлундагы № 300 "Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2007-жылы үлүштүк акыларды төлөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 30-июлундагы № 300 "Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2007-жылы үлүштүк акыларды төлөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 300
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12228/edition/1141693/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 30-июлундагы № 300 "Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2007-жылы үлүштүк акыларды төлөө жөнүндө" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58429

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 30-июлу № 300

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2007-жылы үлүштүк акыларды төлөө жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге үлүштүк жана мүчөлүк акыларын төлөөнү жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Мүчөлүк акылары 2007-жылы № 1 жана 2 тиркемелерге ылайык төлөнө

турган артыкчылыктуу эл аралык уюмдардын жана КМШнын алкагындагы интег- рациялык бирикмелердин тизмелери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эл аралык уюмдарга

жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 125765,2 мињ сом суммасындагы үлүштүк жана мүчөлүк акыларды төлөсүн.

3. Ушул токтом менен биринчи кезектегилерге кошулбаган эл аралык

уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк акы төлөө боюнча финансылык милдеттенмелери бар Кыргыз Республикасынын ми- нистрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомство- лору акыларды өздөрүнө бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин же кошумча акча каражаттарын табуунун эсебинен төлөшсүн.

Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июлундагы № 300 токтомуна № 1 тиркеме

Мүчөлүк акылар 2007-жылы биринчи кезекте төлөнө турган эл аралык уюмдардын ТИЗМЕСИ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)

| Уюмдардын аталышы | 2007-жылга бюджетте каралган (миң сом менен) |
| --- | --- |
| Дүйнөлүк банк | 7500,00 |
| Ислам өнүктүрүү банкы | 52526,5 |
| Дүйнөлүк соода уюму | 593,0 |
| БУУнун туруктуу бюджети | 1680,0 |
| Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 728,9 |
| ЕККУ | 2284,0 |
| ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясы | 65,1 |
| Эл аралык паралимпиялык комитет | 12,5 |
| Интерпол | 645,8 |
| ЮНЕСКО | 334,1 |
| Миграция боюнча эл аралык уюм | 640,0 |
| Экономикалык кызматташуу уюму (ЭКУ) | 663,2 |
| Ислам конференция уюму | 500,0 |
| Шанхай кызматташуу уюму (ШКУ) | 8302,7 |
| ШКУнун региондук терроризмге каршы күрөшүү структурасы | 6109,0 |
| Эл аралык электр байланыш союзу | 853,5 |
| Дүйнөлүк почта союзу | 453,8 |
| Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы | 214,2 |
| Бардыгы: | 84106,3 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июлундагы № 300 токтомуна № 2 тиркеме

Мүчөлүк акылар 2007-жылы биринчи кезекте төлөнө турган КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелердин ТИЗМЕСИ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)

| Уюмдардын аталышы | 2007-жылга бюджетте каралган (миң сом менен) |
| --- | --- |
| Евразиялык экономикалык коомдоштуктун бюджети | 15939,1 |
| КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы | 2520,0 |
| КМШнын бирдиктүү бюджети | 7717,7 |
| Кыргыз Республикасынын КМШ органдарындагы ыйгарым укуктуу туруктуу өкүлдөрү | 2312,2 |
| Аралды сактоо эл аралык фондунун Аткаруу комитети | 0,00 |
| Аралды сактоо эл аралык фонду | 1000,00 |
| КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет | 1500,0 |
| Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму | 10399,3 |
| КМШга катышкан мамлекеттердин башкы прокурорлордун координациялык кеңеши | 160,5 |
| Бардыгы: | 41548,9 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов
