Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Жалалабат чегара отрядынын „Шамалдысай“ чегара заставасына капитан Жаныбеков Курманбек Шактыбековичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 30-июлу № 298 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалалабат чегара отрядынын "Шамалдысай" чегара заставасына капитан Жаныбеков Курманбек Шактыбековичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоо, капитан Жаныбеков Курманбек Шактыбековичтин ысмын түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалалабат чегара отрядынын "Шамалдысай" чегара заставасына капитан Жаныбеков Курманбек Шактыбековичтин ысмы ыйгарылсын жана ал мындан ары "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын 2027-аскердик бөлүгүнүн капитан Жаныбеков Курманбек Шактыбекович атындагы "Шамалдысай" чегара заставасы" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2013 · № 306
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2011 · № 700
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2010 · № 40 · Күчүн жоготкон