# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 293
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12220/edition/327537/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Токтому (25.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58419

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 25-июлу № 293

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда

Аба катнашы жөнүндө 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбү

шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өк-

мөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбү

шаарында кол коюлган макулдашуунун 25-статьясына ылайык мамлекет ичин-

деги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл ара-

лык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укук-

тук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбү

шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы

жөнүндө 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбү шаарында кол

коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өк-

мөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбү

шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациялансын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка атал-

ган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги

жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө билдирсин.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-

ну Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда каттоодон өткөрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти
