# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 292 " Кадамжай районунун Олагыш айылында жайгашкан пионердик эмгек жана эс алуу лагерин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Абсамат Масалиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 292 " Кадамжай районунун Олагыш айылында жайгашкан пионердик эмгек жана эс алуу лагерин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Абсамат Масалиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 292
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12219/edition/327536/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 292 " Кадамжай районунун Олагыш айылында жайгашкан пионердик эмгек жана эс алуу лагерин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Абсамат Масалиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (25.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58418

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 25-июлу № 293

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кадамжай районунун Олагыш айылында жайгашкан пионердик

эмгек жана эс алуу лагерин Кыргыз Республикасынын Баткен

облусунун Кадамжай районундагы Абсамат Масалиев айыл

өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өркүндөтүү, Кыргыз

Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Абсамат Масалиев

айыл өкмөтүнүн социалдык инфраструктурасын чыњдоо максатында, "Мүлккө

муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай ра-

йонундагы Олагыш айылында жайгашкан пионердик эмгек жана эс алуу лаге-

рин "Айдаркен сымап акционердик коому" акционердик коомунун балансынан

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Абсамат

Масалиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине аныкталган тартипте

өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы №

531 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык мен-

чигине объекттерди өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй

толуктоо киргизилсин:

- аталган токтомдун № 4 тиркемесинин "Кара-Дөбө айыл өкмөтү" деген

бөлүмү төмөнкүдей редакциядагы позиция менен толукталсын:

"

| Олагыш айылындагы пионердик | 1 | 578,0 |
| --- | --- | --- |
| эмгек жана эс алуу лагери |  |  |

".

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Баткен

облусунун мамлекеттик администрациясына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
