Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 25-июлу № 291
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк
соода уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык
комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 23-июнундагы № 374 токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(Кр Министрлер Кабинетинин 2022-Жылдын 24-Июнундагы № 335 Токтомунун Редакциясына Ылайык)
Кыргыз " Республикасынын аткаруучу бийлик органдарындагы түзүмдүк
кайра түзүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-
лат:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюму-
нун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 токтомуна төмөн-
күдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дүйнөлүк соода уюму ме-
нен макулдашууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы мил-
деттенмелерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,
мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жооп-
керчиликтерин бөлүштүрүү жөнүндө жобо ушул токтомдун № 2 тиркемесине
ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча ведомстволор
аралык комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизилсин:
2-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана ту-
ризм министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүк-
түрүү жана соода министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана ту-
ризм министрлигинин ДСУ, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу
башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктү-
рүү жана соода министрлигинин эл аралык соода саясаты башкармалыгы" де-
ген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлигинин Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Женева шаарындагы,
Швейцария Конфедерациясындагы өкүлү жөнүндө жобону бекитет.";
12-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм
министрлигинин ДСУ, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу баш-
кармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү
жана соода министрлигинин эл аралык соода саясаты башкармалыгы" деген
сөздөргө алмаштырылсын.
(Кр Министрлер Кабинетинин 2022-Жылдын 24-Июнундагы № 335
Токтомунун Редакциясына Ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюмунун
маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 токтомуна өзгөртүү-
лөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы N 607 токтомунун тиркемеси;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюмунун масе-
лелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүү-
лөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн 2004-жылдын 11-сентябрындагы № 677 токтомунун № 2 тиркемеси.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 25-июлундагы
№ 291 токтомуна
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча
ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри,
комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин
орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары -
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачы;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын
биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика-
лык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ДСУ маселелерин
тескөөчү эксперти;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору
(макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу
кызматынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын
орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар
жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун
орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору-
нун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун
орун басары;
Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология боюнча улуттук
институтунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дар-
мек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин башкы
директору;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитетинин мыйзам чыгаруу жана методологиялык иштер башкармалыгынын
начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-
кеттик комитетинин тармактык саясатты иштеп чыгуу башкы башкармалыгынын
начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюта башкармалыгынын на-
чальниги (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын укук башкар-
малыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология боюнча улуттук
институтунун стандартташтыруу башкармалыгынын начальниги (макулдашуу
боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-
лигинин эл аралык соода саясаты башкармалыгынын начальниги, комиссиянын
жооптуу катчысы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти
(макулдашуу боюнча);
Бизнес-ассоциациялар конгрессинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу
боюнча);
"Кыргызстандын директорлор гильдиясы" коомдук бирикмесинин атка-
руучу директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 25-июлундагы
№ 291 токтомуна
№ 2 тиркеме
Дүйнөлүк соода уюму менен макулдашууларды жана Кыргыз
Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин аткаруу
боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,
мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык
ведомстволорунун жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү жөнүндө
ЖОБО
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик ко-
митеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун ДСУ менен макулда-
шууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин
аткаруу боюнча жоопкерчиликтерин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын ДСУ менен Макулдашуулардын аткарылышы үчүн
жооптуу министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администра-
циялык ведомстволорунун ыйгарым укуктары төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги, тышкы экономикалык мамиле, соода жана ДСУга мүчө өлкөлөр менен
иштөө тармагындагы координациялоочу орган катары республиканын министр-
ликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомство-
лорунун ДСУнун Секретариаты менен өз ара байланышта иштөөсүн камсыз-
дайт, алар үчүн ДСУ маселелери боюнча нускамаларды жана сунуштарды иш-
теп чыгат, аларды ДСУнун иши жөнүндө маалымат менен камсыздайт жана тө-
мөнкүлөр үчүн жоопкерчиликте болот, алар:
- ДСУ менен Макулдашууларга жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун ал-
дындагы милдеттенмелерине ылайык, улуттук режимди жана айрыкча ыњгай-
луулук режимин камтуу менен, бирок алар менен чектелбестен мамлекеттик
соода саясатынын аткарылышын камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлигинин ДСУ маселелери боюнча Женева шаарындагы (Швейцария Конфедера-
циясы) өкүлү жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк ДСУ маселелери боюнча ведомстволор аралык
комиссиянын бекитүүсүнө киргизүү;
- ДСУ маселелери боюнча улуттук маалыматтык-сурап алуу кызматынын
иштешин камсыз кылуу;
- ДСУну уюштуруу жөнүндө Марракеш Макулдашуусуна Кыргыз Республи-
касынын кошулуусу жөнүндө Протоколдун тиркемелери болуп эсептелген то-
варларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бажы тарифтери боюнча милдеттенме-
лердин аткарылышы;
- Импортту лицензиялоо жол-жоболору боюнча макулдашуунун аткарылы-
шы, анын ичинде ушул Макулдашууга, атап айтканда Макулдашуунун 5-стать-
ясында айтылган кабарлоо жол-жоболоруна толук ылайык келген жоболорду
бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-
публикасынын башка министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана адми-
нистрациялык ведомстволору менен бирдикте ДСУну уюштуруу жөнүндө Марра-
кеш Макулдашуусунун Тиркемесинде белгиленген соодалык саясатка сереп
салууну аткаруу;
- Тарифтер жана соода боюнча Башкы макулдашуунун (1994-жылдагы
ГАТТ) жана Соода жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча Башкы макулдашуунун
(ГАТС) жоболорунун Кыргыз Республикасы региондук соодалык макулдашуу-
ларга катышуусу жагынан аткарылышы (Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши
боюнча ДСУнун Жумушчу тобунун отчетунун(*) 172-параграфы);
(Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУнун Жумушчу тобунун
отчету(*) 1998-жылдын 20-декабрына күчүнө кирген Дүйнөлүк соода уюмун
уюштуруу жөнүндө Марракеш Макулдашуусуна ("Дүйнөлүк соода уюмун уюшту-
руу жөнүндө Марракеш Макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу
жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын
1998-жылдын 17-ноябрындагы № 146 Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын кошу-
луусу жөнүндө протоколдун ажырагыз бөлүгү болуп эсептелет);
- Соодага байланыштуу инвестициялык чаралар боюнча макулдашууга
(ТРИМС) ылайык Кыргыз Республикасынын башка министрликтери, мамлекеттик
комитеттери жана администрациялык ведомстволору менен бирдикте Кыргыз
Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу;
- ыйгарым укуктуу орган катары Соодадагы техникалык тоскоолдуктар
боюнча макулдашууга (СТТ) ылайык Кыргыз Республикасынын техникалык жен-
гө салуу боюнча милдеттенмелерин аткаруу;
- СТТ боюнча макулдашуунун талаптарына жана анын тиркемелерине
(2.9; 2.10; 3.2; 5.6; 5.7; 7.2; 10.1.1; 10.1.3; 10.3.2; 10.3.3;
10.7-ст.) ылайык, ошондой эле техникалык регламенттерди жана шайкешти-
гин баалоо жол-жобосун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүлөрдү даярдоо
жол-жоболору боюнча (негиздеме: "Кыргыз Республикасындагы техникалык
жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
4-статьясы) СТТнын Маалымат алуу кызматынын иштешин камсыз кылуу;
- 1994-жылдагы ГАТТтын VIII, XVII статьяларынын жоболорун мамле-
кеттик соода ишканаларынын иштерин жөнгө салуу жагында аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУнун Жумушчу тобу-
нун отчетунун 14, 21, 26, 28, 30, 34, 37, 44, 48, 53, 60, 70, 94, 113,
163 жана 168-параграфтарына ылайык милдеттенмелердин аткарылышын кам-
сыздоо;
- Коргоо чаралары боюнча макулдашуунун, анын ичинде билдирүүлөрдү
даярдоо боюнча аткарылышын камсыздоо жана андай чараларды колдонуу жө-
нүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү.
Мындай сунуштар Коргоо чаралары жөнүндө макулдашууга, анын ичинде Ма-
кулдашууда эскертилген орчундуу эрежелерге толук ылайык келүүгө тийиш,
алар жөнүндө ДСУга ушул Макулдашуунун 12 (6) статьясына ылайык билдири-
лиши керек;
- Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө макулдашуунун,
анын ичинде билдирүүлөрдү даярдоо боюнча да аткарылышын камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте
1994-жылдагы ГАТТтын ("Антидемпинг жөнүндө макулдашуунун") VI статьясын
аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин, анын ичинде
ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык билдирүүлөрдү даярдоо боюнча атка-
руу;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги менен кењешүү боюнча Айыл чарбасы боюнча макулдашууга
ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо;
- министрликтердин жана башка уюмдардын ДСУ менен Макулдашууларга
ылайык маалыматтык кызматтарга маалымат, билдирүүлөрдү берүүсүнүн тар-
тибин аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасы-
нын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана
илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо
жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик
агенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка тиешелүү ве-
домстволор менен бирдикте ГАТСтын билдирүүлөрдү даярдоо боюнча жоболо-
рун аткаруу.
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-
лиги бул максатта:
1) ГАТСтын жол-жоболук талаптарына толук ылайык келүүчү жоболорду
бекитет. Андай жоболор ГАТСтын III статьясынын ачыктык талаптарын атка-
рууга тийиш;
2) лицензиялоого талаптардын жана Кыргыз Республикасынын министр-
ликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору
сунуш кылган башка жоболордун ГАТСтын нормаларына ылайыктыгын карайт.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги менен
бирдикте ДСУдагы байкоочу өлкөлөр менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүр-
гүзүүгө, ДСУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү, ДСУнун Секретари-
аты жана комитеттери менен консультациялык жолугушууларга катышат.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ДСУга мүчөлүк акыларды төлөө үчүн каражат бөлүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитети менен бирдикте Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУ-
нун Жумушчу тобунун отчетунун 48, 53, 83, 84, 106, 115 жана 168-параг-
рафтарына ылайык милдеттенмелерди аткарат;
- ГАТСтын VII статьясына ылайык билдирүүлөрдү даярдоону камсыз кы-
лат.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:
- 1994-жылдагы ГАТТтын VII статьясын чечмелөө боюнча макулдашууга
("Бажылык баалоо боюнча макулдашуу") ылайык Кыргыз Республикасынын мил-
деттенмелерин, анын ичинде аталган Макулдашууга ылайык билдирүүлөрдү
даярдоо боюнча милдеттенмелерин аткарат;
- Товарлардын чыккан жеринин эрежелери боюнча макулдашуунун атка-
рылышын, анын ичинде тийиштүү билдирүүлөрдү даярдоону камсыздайт;
- Жүктөө алдындагы инспекциялоо боюнча макулдашууга ылайык Кыргыз
Республикасынын милдеттенмелерин аткарат. Кыргыз Республикасына импорт-
ту жүктөө алдындагы инспекциялоонун кандайдыр бир милдеттүү программасы
аткарылганга чейин андай программаларды жөнгө салуучу жоболорду беки-
тет, алар Жүктөө алдындагы инспекция боюнча макулдашууга толук ылайык
келет, жана Макулдашуунун 5-статьясына ылайык андай жоболор жөнүндө
ДСУга билдирет;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы менен бирдикте
Интеллектуалдык менчикке укуктардын соодалык жактары боюнча макулдашуу-
га (ТРИПС) ылайык чектеш чаралардын аткарылышын камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУнун Жумушчу тобу-
нун отчетунун 63, 66, 67 жана 168-параграфтарына ылайык милдеттенмелер-
дин аткарылышын камсыздайт.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен кењешүү
боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын жана
Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш Макулдашуусунун жобосун-
да белгиленген Талаштарды чечүү боюнча эрежелерди жана жол-жоболорго
чечмелөөгө толук катышууну камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУнун Жумушчу тобу-
нун отчетунун 26, 28 жана 30-параграфтарына ылайык милдеттенмелердин
аткарылышын камсыздайт.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги:
- Айыл чарбасы боюнча макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын
ДСУга кириши боюнча ДСУнун Жумушчу тобунун отчетунун 103-параграфына
ылайык милдеттенмелердин аткарылышын, анын ичинде билдирүүлөрдү даярдоо
боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бир-
дикте Санитардык жана фитосанитардык чаралар жөнүндө макулдашууга ыла-
йык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин, анын ичинде билдирүүлөрдү
даярдоо боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бир-
дикте Санитардык жана фитосанитардык чаралар жөнүндө макулдашуунун жо-
болоруна ылайык Маалымдама кызматты түзөт жана анын иштешин камсыздайт.
7. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология боюнча улут-
тук институту:
- Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун жана
анын стандарттар бөлүгүндөгү тиркемелеринин, анын ичинде улуттук стан-
дарттар (10.1.2; 10.3.1-ст.; 3-тиркеменин С параграфы, J параграфы) бо-
юнча билдирүүлөрдү даярдоого карата аткарылышын камсыздайт;
- стандарттар бөлүгүндө СТТнын Маалымдама кызматынын ишин камсыз-
дайт;
- Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашууга ылайык
улуттук стандарттарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу боюнча ишти
уюштурат.
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы:
- ТРИПС макулдашуусунун аткарылышын, анын ичинде билдирүүлөрдү да-
ярдоону камсыздайт;
- зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жана Кыргыз Республи-
касынын тиешелүү министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана админист-
рациялык ведомстволору менен кењешүү боюнча Кыргыз Республикасынын мый-
замдарын ТРИПС макулдашуусунун III жана IV бөлүмдөрүнүн талаптарына
ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизет.
9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУнун Жу-
мушчу тобунун отчетунун 14 жана 168-параграфтарын аткаруу үчүн менчик-
тештирүү программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктү-
рүү жана соода министрлигине маалымат берет.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлиги менен бирдикте Мамлекеттик сатып алуулар боюнча көп тараптуу ма-
кулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр процес-
сине катышат;
- Кыргыз Республикасынын ДСУдагы өкүлүнүн Мамлекеттик сатып алуу-
лар боюнча комитеттин заседаниелерине катышуусу үчүн нускамаларды даяр-
доо боюнча ишти камсыздайт;
- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча макулдашууга ылайык Кыргыз Рес-
публикасынын милдеттенмелери аткарылышын камсыздайт.
11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- ГАТСтын жоболору банктык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде билди-
рүүлөрдү даярдоо жагында аткарылышын камсыздайт;
- ГАТТын XV статьясынын жоболорун аткарат.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө
салуу кызматы:
- финансылык жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү жагында ГАТ-
Стын жоболорун, анын ичинде билдирүүлөрдү даярдоону аткарат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Положение о Межведомственной комиссии при Правительстве Кыргызской Республики по вопросам Всемирной Торговой Организации (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 23.06.2003 · № 374
- Положение о распределении ответственности министерств, государственных комитетов и административных ведомств Кыргызской Республики по выполнению Соглашений Всемирной Торговой…Положение · 23.06.2003 · № 374
- Постановление Правительства КР от 11 сентября 2004 года №677 "Внесение изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 23 июня 2003 года №374 "О…Постановление · 11.09.2004 · № 677
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 23.08.2006 · № 607
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
Шилтеме берет (5)
- Постановление Правительства КР от 23 июня 2003 года № 374 "О Межведомственной комиссии при Правительстве Кыргызской Республики по вопросам Всемирной Торговой Организации"Постановление · 23.06.2003 · № 374
- Постановление Правительства КР от 11 сентября 2004 года №677 "Внесение изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 23 июня 2003 года №374 "О…Постановление · 11.09.2004 · № 677
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 23.08.2006 · № 607
- О Ратификации Протокола о присоединении Кыргызской Республики к Маракешскому соглашению об учреждении Всемирной торговой организацииЗакон · 17.11.1998 · № 146
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.