# "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25 июлундагы №290 Аппаратынын түзүмү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25 июлундагы №290 Аппаратынын түзүмү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 290
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12217/edition/356829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25 июлундагы №290 Аппаратынын түзүмү жөнүндө"токтому (03.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58416

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 681 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 25-июлу №290 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-мартындагы № 103, 2008-жылдын 25-декабрындагы № 717, 2009-жылдын 12-июнундагы № 370 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишмердигин уюштурууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиркелген түзүмү бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр белгиленген тартипте:

- бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;

- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө киргизсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-февралындагы № 67 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-февралындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 154 токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 290 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ТҮЗҮМҮ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-мартындагы № 103, 2008-жылдын 25-декабрындагы № 717, 2009-жылдын 12-июнундагы № 370 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары |  | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары |  |  |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү |  | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, вице-премьер- министрлеринин секретариаты |  | Басма сөз кызматы |
| Уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмү |  | Укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмү |  | Тышкы байланыштар бөлүмү |
| Финансы жана кредит саясаты бөлүмү |  | Экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмү |  | Социалдык өнүктүрүү бөлүмү |
| Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |  | Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү |  | Энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмү |
| Өнөржай бөлүмү |  | Агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмү |  | Коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү |
| Документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү |  | Региондук проблемалар бөлүмү |  |  |
| Жөнгө салуучу таасирди талдоо бөлүмү |  | Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүм |  |  |
