# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 287 "Чалдовар айылынан Чүй суусуна чейин участкада магистралдык газ түтүгүн демонтаждоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 650 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 287 "Чалдовар айылынан Чүй суусуна чейин участкада магистралдык газ түтүгүн демонтаждоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 650 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 287
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12214/edition/327529/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 287 "Чалдовар айылынан Чүй суусуна чейин участкада магистралдык газ түтүгүн демонтаждоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 650 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58413

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-июлу № 287

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Чалдовар айылынан Чүй суусуна чейин участкада

магистралдык газ түтүгүн демонтаждоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 650

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

"Ренжит" каналын курууда Жалалабат облусунун Аксы районунун тур-

гундарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "Чалдовар айылынан Чүй суусуна чейин участкада магистралдык газ

түтүгүн демонтаждоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жыл-

дын 16-октябрындагы № 650 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-

тоо киргизилсин:

- 1-пункттун жетинчи абзацында "жана ташуу" деген сөздөр алып са-

лынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин Суу чарба департаменти 2007-жылдын 1-мартындагы абал

боюнча демонтаждалган жана алынып кетпеген, ушул токтомдун 1-пунктунун

жетинчи абзацында көрсөтүлгөн газ түтүктөрүн Жалалабат облусунун Аксы

районуна жеткирүүнү камсыз кылсын.

Жеткирүү Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү

өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментине 2007-жылга каралган

бюджеттик ассигнованиелердин эсебинен ишке ашырылсын.";

- токтомдун 2 жана 3-пункттары тийиштүү түрдө 3 жана 4-пункттар

деп эсептелсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев
