Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 11-майындагы
N 171 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык
полиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 20-июлундагы N 274 токтомунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто жана улук
башкаруучу курамына атайын наамдарды ыйгаруу (ажыратуу)
тартиби
III. Финансылык полицияда кызмат тартиби
IV. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн шарттары
V. Финансылык полиция кызматкерлеринин отпускалары жана
социалдык гарантиялары
VI. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушу
VII. Финансылык полициядагы кызматын, атайын наамдарын жана
ишин калыбына келтирүү
VIII. Корутунду жоболор
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык поли-
ция органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негизин, тартибин жана шартта-
рын аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция ор-
гандарындагы кызмат Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органда-
рында (мындан ары - Финансылык полиция) кызматтарда турган Кыргыз Рес-
публикасынын жарандарынын мамлекеттик кызматынын түрү болуп эсептелет.
2. Финансылык полиция органдарындагы кызматтын укуктук негизин
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
ры, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актылары жана ушул
Жобо түзөт.
3. Финансылык полициядагы кызмат мыйзамдуулук принциптерине, адам
укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук, маалым-
дуулук, Финансылык полициянын тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарына
отчеттуулугунун жана контролдугунун, кызматтык тартипти сактоо принцип-
терине ылайык түзүлөт.
4. Финансылык полициянын кызматкерлери болуп ушул Жободо белгилен-
ген тартипте атайын наамдар ыйгарылган, Финансылык полициянын аттеста-
цияланган курамынын штаттык кызматтарында турган Кыргыз Республикасынын
жарандары эсептелет.
Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген тартипте атайын
формалык кийим-кече менен камсыз кылынат, аны кийип жүрүү эрежелери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет Аларга белгиленген
үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр берилет
Финансылык полициянын кызматкеринин кызматтык күбөлүгү анын белги-
ленген тартипте атайын каражаттарды жана ок атуучу табелдик куралды
сактоого, алып жүрүүгө уруксат этүүчү жана Финансылык полицияда ыйга-
рылган наамына жараша кызмат өтөп жаткандыгын тастыктоочу расмий доку-
мент болуп эсептелет.
Кадрлар бөлүмчөсүнүн жетекчиси ишке жањы алынган кызматкерге кыз-
маттык күбөлүктү тапшырууда документти пайдалануунун жана аны сактоонун
эрежелери боюнча инструктаж өткөзөт.
5. Финансылык полиция органдарында кызматка анык аскердик кызматты
өтөгөн, укук коргоо, салык, финансы же бажы органдарында кеминде бир
жылдык эмгек стажы бар, 35 жаштан ашпаган, өзүнүн жеке, ишкер, кесиптик
сапаттары боюнча жөндөмдүү, билими жана ден-соолугу кызмат милдеттерин
аткарууга мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу
негизде кабыл алынат.
Финансылык полицияга кызматка кабыл алуу жарандар милдеттүү түрдө
атайын текшерүүдөн, ошондой эле кызмат өтөөгө жарактуулугун аныктоо
үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги же болбосо Кыргыз
Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин системаларынын
аскердик-дарыгерлик комиссияларында медициналык текшерүүдөн өткөн шарт-
та ишке ашырылат.
Финансылык полициянын орто, улук жана жогорку жетекчилик курамынын
кызматына тиешелүү юридикалык, экономикалык же финансылык жогорку били-
ми бар жарандар кабыл алынат.
Финансылык полиция кызматкерин жумушка кабыл алуу Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Финансылык полициянын же-
текчисинин буйругу менен таризделет.
Финансылык полиция кызматына кабыл алынган жарандар ушул Жободо
белгиленген тартипте ант беришет.
Финансылык полицияга кызматка жањы кабыл алынып жаткан адамдарга 3
айдан ашпаган сынак мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Талапкер тиешелүү кыз-
матка катардагы жана кенже башкаруучу курамынын атайын наамын ыйгаруу
менен бирге дайындалат жана ага тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчы
бекитилет.
6. Кыргыз Республикасынын жараны Финансылык полицияга кызматка тө-
мөнкүдөй учурда кабыл алынбайт, эгерде ал:
- соттун күчүнө кирген чечими менен ишке жарамсыз же жарамдуулугу
чектелүү деп табылса;
- соттолгон же соттуулугу бар, кылмыш жоопкерчилигинен мунапыс бо-
юнча бошотулса;
- ушул Жобонун 5-пунктунда каралган талаптарга жооп бербесе;
- башка мамлекеттин жарандуулугуна ээ болсо.
Бири-бири менен жакын туугандык байланышта (ата-энелер, жубайлар,
бир туугандар, ага-инилер, эже-сињдилер, уул-кыздар, ошондой эле жубай-
ынын ата-энеси, бир туугандары жана балдары) болгон кызматкерлерге кыз-
маттары түздөн-түз бири-биринин баш ийүүсүндө же бири-биринин контрол-
дугунда турса, бир эле Финансылык полиция органында кызмат өтөөгө урук-
сат кылынбайт.
Финансылык полиция кызматкери төмөнкүгө укуксуз:
а) чыгармачылык, илимий жана педагогикалык иштер менен байланыштуу
кызматтардан тышкары башка акы төлөнүүчү кызматтарды ээлөөгө;
б) ишкердик жүргүзүүгө;
в) кандайдыр бир ишкананын башкаруу органынын мүчөсү болууга;
г) финансылык полиция органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча
ишенимдүү адамы же өкүлү болууга;
д) кызматтык эмес максатта финансылык, материалдык-техникалык жана
маалыматтык камсыздоо каражаттарын, мамлекеттик башка мүлктү, ошондой
эле кызматтык маалыматты колдонууга;
е) саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын
ишине өзүнүн кызматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу жана кызмат убакты-
сында катышууга; мамлекеттик кызматтык ишмердүүлүктүн партиялык прог-
раммаларга жана чечимдерге баш ийүүсүнө тыюу салынат;
ж) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракетти ишке
ашыргандыгы же аракетсиздиги үчүн үчүнчү жактардан белек, акча жана
кызмат көрсөтүүлөрдү сый акы катары алууга;
Ушул пункттун жоболорун бузган учурда жана ээлеген кызматына шай-
кеш келбеген кандайдыр бир иш аракетти жасагандыгы үчүн Финансылык по-
лиция кызматкери мындай аракеттин жасалган убактысына карабастан кыз-
маттан бошотулууга жатат.
7. Кенже, орто жана улук жетекчилик курамдагы кызмат орундарынын
тизмеси жана ушул кызматтарга шайкеш келген атайын наамдар Финансылык
полициянын жетекчиси тарабынан аныкталат.
8. Финансылык полициянын атайын наамы бар адамдарынын кызматтары
ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык белгиленген тизме менен аныкталат.
Кызматка кабыл алынган Финансылык полициянын катардагы, кенже жана
улук башкаруучу курамдагы адамдарына кызматка дайындалгандан үч айдан
кийин Финансылык полициянын жетекчисинин буйругу менен атайын наам ый-
гарылат.
Айрым учурларда Финансылык полициянын кызматкери кызматы боюнча
милдетти аткаруучу болуп дайындалышы мүмкүн. Мында бош кызмат оруну бо-
юнча милдеттерди аткаруунун үзгүлтүксүз мөөнөтү эки айдан, ал эми бош
эмес кызмат оруну боюнча төрт айдан ашпоого тийиш
9. Финансылык полицияга кызматка кабыл алууда кызматкерлер төмөн-
күдөй ант беришет:
"Мен, (аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы-
лык полицияга кызматка кирип жатып Кыргыз Республикасынын элине берил-
гендигиме ант берем Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын, адамдардын жана жарандардын укугун сактоо-
го, начальниктин буйруктарын ак ниеттүүлүк менен аткарууга ант берем.
Чынчыл, эр жүрөк кызматкер болууга, Мекендин экономикалык таламда-
рынын чегинде кылдаттык менен турууга, кызматтык сырды бекем сактоого
ант берем.
Эгерде мен антымды бузсам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген жоопкерчиликти тартууга даярмын".
10. Финансылык полициянын кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу тө-
мөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) жогорку кызматка - кызматы боюнча жогорулатуу иретинде;
б) тењдеш кызматка - кызматкерди кыйла максатка ылайыктуу пайдала-
нуу зарылдыгы келип чыкканда же болбосо үй-бүлөлүк абалы, ден-соолук
абалы же курагы боюнча алардын макулдугу менен;
в)төмөнкү кызматка:
- штаттар кыскарганда же Финансылык полиция кайра уюштурулганда
бул адамдарды тењдеш кызматка жылдырууга мүмкүндүк болбогондо-алардын
макулдугу менен;
- аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде ден-соолу-
гунун абалы боюнча;
- аттестациялоо тартибинде кызматына дал келбегендиги боюнча;
- дисциплинардык жаза тартибинде;
- жеке өтүнүчү боюнча;
г) мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына командировкага жи-
берүү тартибинде.
Финансылык полиция кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу бардык
учурларда жылдыруунун негизин көрсөтүү менен буйрук аркылуу таризделет.
Төмөнкү кызматка жылдырылган Финансылык полиция кызматкери кийин
анын кызматтык квалификациясын, иш тажрыйбасын, ишкер жана жеке сапат-
тарын, ден-соолугунун абалын эске алуу менен кызматы боюнча жогору кыз-
матка жылдырылышы мүмкүн.
11. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полицияны жоюу,
кайра уюштуруу же болбосо штаттык санын кыскартууга байланыштуу уюшту-
руучулук-штаттык иш чараларды жүргүзүүдө түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчи-
синин сунушу менен же төмөнкү көрсөткүчкө оперативдүү кызматтык иштерде
4 айдан ашпаган мөөнөткө Финансылык полициянын кадрлар карамагына кир-
гизилет. Өзгөчө учурларда кызматкерлердин жеке себептери менен берилген
рапорттун негизинде кадрлар карамагына киргизүүгө уруксат берилет.
Кадрлар карамагындагы Финансылык полиция кызматкерлерине акчалай
үлүштөрдү төлөп берүү кадрлар кызматына тапшырылган табелдин негизинде
жүргүзүлөт:
- биринчи эки ай үчүн - акыркы ээлеген кызматы боюнча маянанын жа-
на атайын наамы боюнча маянанын өлчөмүндө;
- андан кийинки эки ай үчүн - атайын наамы боюнча маянанын
өлчөмүндө.
Кызматкердин кадрлар карамагында болгон мөөнөткө убактылуу ишке
жарамсыздыктын мөөнөтү, кезектеги ар жылдык жана башка отпускаларда
болгон убакыт, кылмыштык жоопкерчиликке тартылгандыгына байланыштуу ка-
макта болгон мөөнөт, кылмыш иши токтотулган учурда же болбосо сот тара-
бынан актоочу өкүм чыгарылган учурда - камакка алынган күндөн тартып
бошотулган күнүнө чейинки мөөнөттөр эсепке алынбайт.
Кадрлар карамагындагы болгон төрт айлык мөөнөт өткөндөн кийин
штаттык кызматтарга дайындалбаган кызматкерлер кызматтан бошотулууга
жатат.
Кадрлар карамагына өткөндүгү жөнүндө буйрук менен жазуу түрүндө
тааныштырууда кызматкер төрт айлык мөөнөт өткөндөн кийин Финансылык по-
лициядан кызматтан бошотулууга жатаары тууралуу маалымдалат.
Финансылык полициянын кызматкери төмөнкү учурларда ээлеген кызма-
тынан убактылуу четтетилиши мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасы-
нын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан кызматтан четтетүү
жөнүндө токтом чыгарылганда - иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин;
2) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (териштирүү кызматкердин өзүнүн
талабы менен дайындалган учурдан тышкары) - териштирүүнү жүргүзүүнүн
толук мөөнөтүнө, анын ичинде кызматкердин кызматтык милдеттерин аткару-
уга мүмкүнчүлүк бербеген тартипти одоно түрдө бузган учурда, кызматта
алкоголдук, бањгилик жана токсикалык мас абалында болгон учурларда.
Кызматкерди кызматтан убактылуу четтетүүдө жогоруда аталган учур-
ларда анын эмгек акысы сакталат. Башка учурларда эмгек акы сакталбайт.
12. Финансылык полициянын кызматкерин башка жерлерге которууга
анын өтүнүчү боюнча Финансылык полициянын тийиштүү органдарынын началь-
никтеринин макулдугу боюнча жол берилет.
13. Финансылык полициянын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо,
кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын
жана башка мамлекеттердин окуу жайларында жүргүзүлөт.
14. Финансылык полициянын катардагы, орто жана улук башкаруучу ку-
рамынын адамдарын аттестациялоо алардын ээлеген кызматына шайкеш келүү-
сүн жана кызматтык өсүү мүмкүнчүлүгүн аныктоого, алардын кесиптик даяр-
дыгынын дењгээлине, укуктук маданиятына баа берүүгө, адамдар менен иш-
тей билүү жөндөмүн аныктоого, кызматкерлердин иштөө натыйжалуулугун жо-
горулатууга, кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону жакшыр-
тууга, алардын квалификациясын, демилгесин, чыгармачыл активдүүлүгүн
жана тапшырылган ишке жоопкерчилигинин жогорулашына түрткү берүү макса-
тында жүргүзүлөт.
Аттестациялоодо баа берүүнүн негизги критерийи кызматкерлерлин
аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу болуп эсептелет.
Кызматкерлерди аттестациялоо Финансылык полиция органдарында кыз-
матта ар бир үч жыл өткөндөн кийин бир жолу жүргүзүлөт (бирок көрсөтүл-
гөн мөөнөттөн 6 айдан кеч эмес).
Аттестациялык-конкурстук комиссия Финансылык полициянын жетекчиси
тарабынан түзүлөт жана жобосу бекитилет.
Финансылык полициянын кызматкерлерин аттестациялоого даярдоо жана
өткөзүү тартиби Финансылык полициянын башчысы тарабынан бекитилет.
Аттестациялык-конкурстук комиссия аттестациялоону аттестациядан
өтүп жаткан кызматкердин катышуусу менен жүргүзөт.
Аттестациялык-конкурстук комиссиянын заседаниесине жөндүү себеп
менен катышпаган кызматкерлер (отпуска, оору, командировка) аттестация-
дан кызматка келгенден кийин өтүшөт.
Кызматкер аттестациялык конкурстук комиссиянын заседаниесине се-
бепсиз келбеген учурда комиссия болгон материалдардын негизинде аттес-
тация өткөрүлгөндүгү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
II. Финансылык полициянын катардагы, кенже,
орто жана улук башкаруучу курамына атайын
наамдарды ыйгаруу (ажыратуу) тартиби
15. "Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чин-
дерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык финансылык полиция органдарынын кызматкерлеринин атай-
ын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
а) финансылык полициянын кенже атайын наамы - катардагыдан прапор-
щикти кошо алганда, ага чейинки;
б) финансылык полициянын орто атайын наамы - кенже лейтенанттан
капитанды кошо алганда, ага чейинки;
в) финансылык полициянын улук атайын наамы - майордон полковникти
кошо алганда, ага чейинки;
г) финансылык полициянын жогорку атайын наамы - генерал-майорду
кошо алганда, ага чейинки.
Финансылык полициянын кызматкерлерине атайын наамдар ырааттуу, же-
келик түрдө алардын квалификациясын, билимин, кызматка болгон мамиле-
син, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызматын эске алуу менен ый-
гарылат.
Ыйгаруунун ыраатына жараша атайын наамдар алгачкы жана кезектеги
болуп бөлүнөт.
Башкаруучу курамдын кезектеги атайын наамы мурдагы атайын наа-
мындагы белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин мөөнөтүнөн мурда же болбосо
ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жо-
гору наам иштеги жогорку натыйжаларга жетишкендиги жана кызматтык мил-
деттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн колдоого алуу катарында Финансылык
полициянын жетекчиси тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Финансылык полициянын жогорку атайын наамдары Кыргыз Республикасы-
нын Президенти тарабынан ыйгарылат
Улук жана жогорку башкаруучу курамдын жетектөөчү кызматына кабыл
алынган Финансылык полициянын кызматкерине алгачкы атайын наам финансы-
лык полициянын подполковнигинен жогору атайын наамдан жогору эмес, за-
пас боюнча андан жогорку аскердик же атайын наамы болбогон учурда ыйга-
рылышы мүмкүн.
Кезектеги атайын наам Финансылык полициянын кызматкерлерине ушул
Жободо каралган учурлардан тышкары, ордун алмаштыруучу штаттык кызмат
боюнча каралган алардын наамына ылайык ырааттуу түрдө жана мурдагы наа-
мындагы жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө ыйгарылат.
Финансылык полицияга кызматка алынган запастагы офицерлердин ас-
кердик наамдарындагы иштеген жылдарынын мөөнөтү алардын Финансылык по-
лицияга кызматка алынган убактысы менен дал келген учурда аларга штат-
тык кызмат боюнча каралган наамынан жогору болбогон кезектеги атайын
наамдар ыйгарылышы мүмкүн.
Мурдагы аскер кызматчыларына, ички иштер жана улуттук коопсуздук
органдарынын, салык жана финансылык полициянын жетекчилик курамынын
адамдарына, ошондой эле аскердик, атайын наамдары же класстык чиндери
бар Финансылык полицияга кызматка алынган Кыргыз Республикасынын мамле-
кеттик башка органдарынын кызматкерлерине атайын наам алардын мурдагы
аскердик, атайын наамдарын же класстык чиндерин эске алуу менен ыйгары-
лат.
Атайын наам мөөнөтүнөн мурда мурунку атайын наамында иштөөнүн бел-
гиленген мөөнөтүнүн жарымынан көбү өткөндө жана ээлеген штаттык кызма-
тында каралган наамга ыйгарылуучу атайын наам туура келгенде ыйгарылат.
Ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскыч-
ка жогору болгон кезектеги атайын наам мурдагы наамындагы жылдарынын
белгиленген мөөнөтүнүн кеминде экөө бүткөндө ыйгарылат. Ушул учурда ээ-
леген штаттык кызматы боюнча каралган атайы наамдан бир баскычка жогору
жана мөөнөтүнөн мурда атайын наам ыйгаруу Финансылык полицияда кызмат
өтөө жылдарынын мезгилинде бир гана жолу жүргүзүлөт.
Атайын наамдарда иштеген жылдардын мөөнөтү бул наамды ыйгаруу жө-
нүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет.
Пенсия дайындоодо эске алынуучу 20 жылдык жана андан ашык иштеген,
ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн жана аттестация-
дан жакшы өткөн офицердик курамдын адамдарына кезектеги атайын наам ээ-
леген штаттык кызматы боюнча каралган наамга карабастан курагы же оору-
су боюнча аларды кызматтан бир эле учурда бошотуу менен Финансы полици-
ясынын жетекчиси тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Кенже башкаруучу курамдын атайын наамы бар, орто башкаруучу курам-
дагы кызматка дайындалган Финансылык полициянын кызматкерлери ошол наа-
мында иштеген жылдарынын мөөнөтүнө карабастан орто башкаруучу курамдын
алгачкы атайын наамын ыйгарууга көрсөтүлөт.
Кезектеги атайын наам Финансылык полициянын кызматкерлерине кыз-
матка дайындоого чейин тиешелүү түрдө кадрлар резервинде турган учурда,
алып салына элек дисциплинардык жазасы болгондо, кылмыш-жаза иши, реа-
билитациялоочу негиз боюнча кызматтык иликтөө иши (бирок бир айдан ашык
эмес) бүтмөйүнчө ыйгарылбайт.
Финансылык полиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси кызматкерине кезектеги
атайын наамды ыйгарууга көрсөтүүнү негизсиз кечењдеткендиги үчүн дис-
циплинардык жоопкерчилик тартат.
16. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогор-
ку башкаруучу курамынын наамдарында иштеген жылдарынын төмөнкүдөй мөө-
нөттөрү белгиленет:
финансылык полициянын кенже сержантынын наамында - бир жыл;
финансылык полициянын сержантынын наамында - бир жыл;
финансылык полициянын улук сержантынын наамында - эки жыл;
финансылык полициянын старшинасы наамында - төрт жыл;
финансылык полициянын прапорщиги наамында - беш жыл;
финансылык полициянын кенже лейтенанты наамында - бир жыл,
финансылык полициянын лейтенанты наамында - эки жыл;
финансылык полициянын улук лейтенанты наамында - үч жыл;
финансылык полициянын капитаны наамында - үч жыл;
финансылык полициянын майору наамында - үч жыл;
финансылык полициянын подполковниги наамында - төрт жыл.
Жогорку окуу жайын аяктагандыгы боюнча финансылык полициянын лей-
тенантынын алгачкы атайын наамы ыйгарылган финансылык полициянын кыз-
маткерлери үчүн финансылык полициянын лейтенантынын наамында иштеген
жылдарынын мөөнөтү бир жылга белгиленет.
Финансылык полициянын катардагы, улук прапорщик, полковниги, гене-
рал-майору атайын наамында иштөө жылдарынын мөөнөтү белгиленбейт.
III. Финансылык полицияда кызмат тартиби
17. Финансылык полицияда кызмат тартиби Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында, Антта, ошондой эле Финансылык полициянын жетекчисинин
буйруктарында жана ушул Жободо белгиленген нормаларды жана эрежелерди
кызматкерлеринин сакташын билдирет.
18. Финансылык полиция органынын начальниги ага баш ийгендердин
арасында кызмат тартибинин абалына жекече жоопкерчилик тартат.
Начальник:
- баш ийгендердин иши жана квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл
болгон шарттарды түзөт;
- баш ийгендердин арасында өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерине жооп-
керчилик сезимин тарбиялайт;
- баш ийгендердин кызматтык иштерине баа берүүдө ачык-айкындуулук-
ту жана калыстыкты камсыз кылат;
- баш ийгендердин кадыр-баркын коргойт;
- жеке курамдын арасында коррупция көрүнүштөрүнүн алдын алууга,
Финансылык полициянын ишинде жекече мүнөздөгү себептер же кемчиликтерин
сындоо боюнча баш ийгендердин артынан түшүүгө бөгөт коет.
19. Милдетин үлгүлүү аткаргандыгы жана кызматтык иштеринде жогорку
натыйжаларга жетишкендиктери үчүн Финансылык полициянын кызматкерлерине
сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрү каралат:
а) алкыш жарыялоо;
б) акчалай сыйлыктарды берүү,
в) баалуу белектер менен сыйлоо;
г) ысымы жазылган курал-жарак менен сыйлоо;
д) Грамота же Ардак грамота менен сыйлоо;
е) атайын наамында кеминде жарым мөөнөт иштесе мөөнөтүнөн мурда
кезектеги атайын наам ыйгаруу;
ж) ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган өзүнүн наамынан бир
баскычка жогору кезектеги атайын наам ыйгаруу;
з) Финансылык полициянын төш белгиси менен сыйлоо;
и) мурунку дисциплинардык жазасын алып салуу.
Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу-
да көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, мамлекетке сињирген өзгөчө
эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлүшү
мүмкүн.
Кызматтык милдетин тиешелүү аткарбагандыгы, кызматтык тартипти
бузгандыгы үчүн Финансылык полициянын кызматкерлерине төмөнкүдөй жаза
чаралары колдонулушу мүмкүн.
а) эскертүү;
б) сөгүш;
в) катуу сөгүш;
г) кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү;
д) атайын наамын төмөндөтүү;
е) кызматынан төмөндөтүү;
ж) Финансылык полициядан иштен кетирүү
Сыйлоолор жана дисциплинардык жаза берүүлөр буйрук менен жарыяла-
нат. Жазага дуушар болгон адамга кабыл алынган чечим үч күндүк мөөнөттө
(кол койдуруу менен) Финансылык полициянын кадрлар бөлүмчөсү тарабынан
билдирилет.
Сыйлоо тартиби Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан өзүнүн
компетенциясынын чегинде аныкталат.
Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Финансылык полициянын кызмат-
керлерине дисциплинардык жаза Финансылык полициянын жетекчиси бекиткен
анын дисциплинардык уставына ылайык колдонулат.
20. Сыйлоо жана дисциплинардык жаза колдонуу боюнча начальниктер-
дин укуктары Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан белгиленет.
IV. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн шарттары
21. Финансылык полициянын ички тартиби иштин өзгөчөлүктөрүн эске
алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансылык поли-
циянын жетекчиси тарабынан белгиленет.
Керектүү учурларда Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген
убакыттан тышкары, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам күн-
дөрү кызматтык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн.
V. Финансылык полиция кызматкерлеринин
отпускалары жана социалдык гарантиялары
22. Финансылык полиция кызматкерлерине отпусканын төмөнкүдөй түр-
лөрү белгиленет:
ар жылдык;
кыска мөөнөттөгү (акы төлөнбөгөн);
кошумча (иштеген жылдары үчүн);
социалдык (оорусу боюнча, төрөгөндүгүнө, бала бакканына байланыш-
туу);
окуу (окуу жайлардын угуучуларына, сырттан окуган кызматкерлерге);
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган отпускалардын башка
түрлөрү.
Кызматкерлердин кезектеги ар жылдык отпускасын пайдаланбай иштен
бошоп кеткен учурларын кошпогондо отпусканы акчалай компенсациялоого
жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иш эмес күн деп белгилен-
ген жалпы мамлекеттик майрам күндөрү отпускалардын узактыгын аныктоодо
эске алынбайт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине ар жылдык отпуска 30 кален-
дардык кун мөөнөтүнө берилет.
Кезектеги ар жылдык (акы төлөнүүчү) отпуска ар жылдык отпускалар-
дын графигине ылайык Финансылык полициянын ар бир кызматкерине кален-
дардык жыл ичинде сөзсүз түрдө берилиши керек.
Ар жылдык отпуска (анын бөлүгү), отпуска мезгилинде кызматкердин
убактылуу ишке жараксыздыгы болгон учурда башка мөөнөткө которулат же
узартылат, бирок бул учурда акчалай үлүш отпускага дал келген күндөр
үчү"н сакталат.
Кезектеги отпускадан кызматкерлерди чакырып алууга Финансылык по-
лициянын өз алдынча органынын жетекчисинин уруксаты менен кызматтык за-
рылдык учурунда жол берилет. Кезектеги отпускадан чакырып алууда анын
пайдаланылбаган бөлүгү учурдагы жылы берилет.
Узактыгы 45 күн болгон кезектеги отпуска иштеген жылдарына кара-
бастан бийик тоолуу жерлерде (бийиктиги 1500 метр жана андан жогору)
кызмат өтөгөн аттестацияланган курамдын адамдарына берилет.
Кызматы аттестацияланган курамдагы жењилдетилген шарттарда пенсия
чектөө үчүн иштеген жылдарына эсептеле турган жана узактыгы 45 күндүк
кезектеги отпуска алууга укук берген климаты оор шарттардагы жерлердин
тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
23. Кечиктирилгис социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн,
ошондой эле башка жүйөлүү себептер боюнча Финансылык полициянын кызмат-
керине узактыгы 10 күнгө чейин кыска мөөнөттүү отпуска берилиши мүмкүн,
ал кезектеги отпусканын эсебине эсептелбейт.
24. Финансылык полициянын кызматкерине оорусуна байланыштуу отпус-
ка врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде берилиши мүмкүн. Көрсө-
түлгөн отпусканын узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат.
Узакка ооруган катардагы жана башкаруучу курамдын адамдары эгерде
ишке жарамсыздык күндөрү бир жылдын ичинде үзгүлтүксүз төрт айды же жыл
ичинде үзгүлтүктөр менен беш айды түзсө Финансылык полициянын кадрлар
бөлүмчөсү тарабынан алардын андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугун анык-
тоо максатында аскердик-врачтык комиссиянын медициналык текшерүүсүнө
жиберилет.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат, контузия алганына же май-
ыптыкка учурагандыгына байланыштуу кызматкерлердин дарыланууда жүргөн
мезгили чектелбейт. Көрсөтүлгөн адамдар медициналык текшерүүгө дарылоо
бүткөндөн кийин же оорунун себеби аныкталганда жиберилет.
Оорусуна байланыштуу отпуска кезектеги ар жылдык отпусканын эсеби-
не кошулбайт.
25. Кошумча ар жылдык жана социалдык отпуска.
Финансылык полициянын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн (кален-
дардык эсептөөдө) акы төлөнө турган кошумча отпуска берилет:
а) 5тен 10 жылга чейин - жыл сайын 2 календардык күн мөөнөткө;
б) 10дон 15 жылга чейин - жыл сайын 5 календардык күн мөөнөткө;
в) 15тен 20 жылга чейин - жыл сайын 10 календардык күн мөөнөткө;
г) 20 жыл жана андан жогору - жыл сайын 15 календардык күн
мөөнөткө.
Финансылык полиция кызматкерлерине кош бойлуулук жана төрөт боюн-
ча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бала асы-
рап алгандыгы үчүн аялдарга (эркектерге) отпуска Кыргыз Республикасынын
эмгек мыйзамдарына ылайык берилет.
Мындай отпускада жүргөн мезгили атайын наамында иштеген жылдарынын
мөөнөтүн жана кызматтык маянасына коэффициент белгилөө үчүн стажын жана
пенсия чектөөгө эсептелет.
Социалдык отпуска (окуу, чыгармачыл ж.б.) Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген узактыкта жана тартипте берилет.
Мындай отпускалардын узактыгы Финансылык полиция кызматкеринин ке-
зектеги ар жылдык отпускасына кошулбайт.
26. Финансылык полиция кызматкерлеринин акчалай үлүшү ээлеген
штаттык кызматы боюнча маянаны, ыйгарылган атайын наамы боюнча маянаны,
иштеген жылдары үчүн проценттик үстөктү, иштин жашырын мүнөзү жана жа-
шырын иш кагаздарын жүргүзгөндүгү үчүн кызматтык маянасына 25 пайызды,
кызматтык маянасынын 50 пайызына чейинки персоналдык үстөктү жана укук
коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында каралган башка төлөмдөрдү камтыйт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине жыл сайын эки айлык өлчөмүн-
дө акчалай материалдык жардам көрсөтүлөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине Финансылык полициянын ишинин
жалпы натыйжасына алардын кошкон жеке салымына жана кызматтык милдетте-
рин аткарууга мамилесине ылайык төрт айлык өлчөмүндө акчалай сыйлык тө-
лөнөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерин атайын формалык кийим-кече
менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген норма жана
тартип боюнча жүргүзүлөт.
Иштеген жылдары үчүн кызмат маяналарына үстөктөр иш стажысына жа-
раша Финансылык полициянын кызматкерлерине ай сайын Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
27. Финансылык полициянын кызматкерлерин, ошондой эле Финансылык
полициянын пенсионерлерин медициналык жана санаториялык-курортту к тей-
лөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзү-
лөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерин милдеттүү мамлекеттик, жеке
жана мүлктүк камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жүргүзүлөт.
Аттестацияланган курамдагы, иштеген жылдарынын саны боюнча пенсия-
га чыгууга укуктуу, бирок аны белгиленген тартипте тариздебеген жана
иштөөсүн улантып жаткан адамдарга негизги акчалай маяна төлөнүп жаткан
учурга карата тийиштүү болгон пенсиясынын суммасынын 50 проценти өлчөм-
дө кошумча төлөнөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 274
токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушу
28. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушунун негизи тө-
мөнкүлөр болушу мүмкүн:
а) Финансылык полиция органдарынан кызматтан бошоо;
б) Финансылык полициянын кызматкерин мыйзамда белгиленген тартипте
кабарсыз келбей койду жана сот тарабынан ишке жарамсыз деп табуу;
в) атайын наамынан ажыроо;
г) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушу;
д) Финансылык полиция кызматкеринин дүйнөдөн кайтышы.
29. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полиция орган-
дарындагы кызматтан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн.
а) өз каалоосу боюнча;
б) ушул Жобонун 32-пунктунда белгиленген куракка жеткенде;
в) иштеген жылдарынын мөөнөтү пенсияга чыгуу убагына жеткенде;
г) штаттардын кыскарышы боюнча - Финансылык полиция органы жоюлуп
же кайра түзүлүп, Финансылык полициянын кызматкерин кызматка пайдалануу
мүмкүнчүлүгү болбой калганда;
д) оорусу боюнча - Финансылык полиция органдарында иштөөгө жарам-
сыздыгы тууралуу медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде;
е) ден-соолугунун абалы боюнча - иштөөгө жарамдуулугунун чектелүү
экендиги жөнүндө, ээлеген кызматына ылайык милдетин денсоолугуна байла-
ныштуу аткарууга мүмкүн эместиги тууралуу медициналык комиссиянын кору-
тундусунун негизинде жана кызматкер ден соолугунун абалын эске алуу ме-
нен кызматтык милдеттерин аткара алуучу кызматка жибергенде кызматы бо-
юнча башка жерлерге барып иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбогондо;
ж) аттестациянын негизинде кызматына ылайык келбегенде;
з) кызмат тартибин одоно жана дайыма бузганда;
и) Финансылык полициянын кызматкеринин жеке сапатына коюлуучу та-
лаптарга коошпогон иштерди жасаганда;
к) соттун айып коюлган өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кыл-
мышы үчүн кесилгендигине байланыштуу;
л) белгиленген тартипте башка мамлекеттик, укук коргоо жана конт-
ролдоочу органдарга которулгандыгына байланыштуу.
Финансылык полициянын кызматкерлерин ушул пункттун "б", "в" пункт-
чаларында каралган негиздер боюнча иштен бошотуу кызматкердин өзүнүн,
ошондой эле Финансылык полициянын тиешелүү бөлүмчөлөрүнүн начальникте-
ринин демилгеси боюнча да ишке ашырылышы мүмкүн.
30. Финансылык полициянын кызматкерлери аларга ыйгарылган атайын
наамдарына жараша Финансылык полицияда төмөнкүдөй куракка жеткенге че-
йин иштей алышат:
- Финансылык полициянын катардагылары, сержанттары, улук сержант-
тары, старшиналары, прапорщиктери жана улук прапорщиктери - 45 жашты
кошо алганда, ага чейин;
- Финансылык полициянын кенже лейтенантынан полковнигине чейин -
55 жашты кошо алганда, ага чейин;
- Финансылык полициянын генерал-майорлору - 60 жашты кошо алганда,
ага чейин.
Белгиленген чектеги куракка жеткен Финансылык полициянын кызмат-
керлери Финансылык полиция органдарында кызматтан кетүүгө тийиш.
Зарыл учурларда Финансылык полициянын кызматкеринин макулдугу ме-
нен жана медициналык каршы көрсөткүчтөрү жок болсо алардын иштеши Фи-
нансылык полициянын жетекчиси тарабынан 5 жылдык мөөнөткө узартылышы
мүмкүн. Өзгөчө учурларда Финансылык полициянын кызматкерлеринин кызмат
өтөшү ушундай эле тартипте дагы 5 жылга узартылышы мүмкүн, мында алар-
дын курагы 60 жаштан ашпоого тийиш.
Кызмат мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим ушул Жободо каралган негиз-
дер боюнча Финансылык полициянын кызматкеринин иштен бошонуу мүмкүнчү-
лүгүн жокко чыгарбайт.
Чектелген куракка жете элек же болбосо кызмат өтөөнүн чектелген
курагынан ашып, кызматта калтырылган Финансылык полициянын кызматкерле-
ри иштен запаска (аскердик каттоого тургузуу менен) же кызмат өтөөнүн
чектелген курагына жеткенге чейин отставкага же болбосо кызматта калты-
рылган мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулушу мүмкүн.
31. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогор-
ку башкаруучу курамынын кызматында турган кызматкерлерди бошотуу Финан-
сылык полициянын жетекчисинин буйругу менен ишке ашырылат.
Эгерде кызматтан бошотуу күнү буйрукта көрсөтүлбөсө, кызматтан бо-
шотуу күнү болуп буйрукка кол коюлган күн эсептелет.
Финансылык полициянын кызматкерлери иштен бошотула тургандыгы туу-
ралуу кеминде бир ай мурда өзүлөрүнүн түздөн-түз начальниктерине же
болбосо Финансылык полициянын кадрлар бөлүмчөлөрүнө жазуу түрүндө бил-
дирет.
Каза болгон (курман болгон), белгиленген тартипте кабарсыз жок деп
табылган Финансылык полициянын кызматкерлери, ошондой эле атайын наамы-
нан ажыраган кызматкерлер кызматкерлердин тизмесинен Финансылык полици-
янын жетекчисинин буйругу менен чыгарылат.
32. Финансылык полициянын кызматкери иштен бошогондугу тууралуу
буйрукту алган күндөн тартып бул тууралуу сотко даттанууга укуктуу.
33. Финансылык полициянын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу
"Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамында каралган тартипте жана нормалар боюнча ишке ашырылат.
34. Пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошогон Финансылык поли-
циянын кызматкерлерине бир жолку пособие, ал эми пенсияга чыгууга укугу
жок бошогондорго - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өл-
чөмдөрдө иштен чыгуу пособиеси төлөнөт.
Кызмат өтөөдө чектелген куракка жеткен, ден-соолугуна байланыштуу
же уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу иштен бошогон Финансылык
полициянын кызматкерлерине кызмат өтөөнүн жалпы узактыгына жараша тө-
мөнкүдөй бир жолку пособие төлөнөт:
5 жылдан 10 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 5 маянасы өлчөмүндө;
10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 10 маянасы өлчөмүндө;
15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 15 маянасы өлчөмүндө;
20 жылдан ашуун - акчалай күтүүнүн 20 маянасы өлчөмүндө.
Башка негиздер боюнча кызматтан бошогон Финансылык полициянын кыз-
маткерине ушул пункттун экинчи бөлүмүндө көрсөтүлгөн бир жолку пособие-
ни төлөө өлчөмдөрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен
аныкталат.
VII. Финансылык полициядагы кызматын, атайын
наамдарын жана ишин калыбына келтирүү
35. Иштен мыйзамсыз же негизсиз жылдырылган, кызматтан бошотулган,
же болбосо төмөндөтүлгөн, атайын наамынан ажыратылган же атайын наамы-
нан төмөндөтүлгөн, ошондой эле Финансылык полиция органдарынан мыйзам-
сыз бошотулган деп табылган Финансылык полициянын кызматкерлери белги-
ленген тартипте Финансылык полицияда тиешелүү түрдө кызматы, атайын
наамы, иши калыбына келтирилүүгө тийиш.
Финансылык полицияда кызматын, атайын наамын, ишин калыбына келти-
рүү үчүн соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген жана кызматтык теришти-
рүүнүн натыйжалары боюнча корутунду негиз болуп саналат.
36. Кызматтан жылдыруу, бошотуу, кызматтан төмөндөтүү, атайын наа-
мын төмөндөтүү, Финансылык полициядан иштен кетирүү жөнүндө чечимдерге
Финансылык полициянын кызматкери макул болбосо кызматтан жылдыруу, бо-
шотуу, кызматтан төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, Финансылык поли-
циядан иштен кетирүү тууралуу буйруктун көчүрмөсү колуна тийген күндөн
тартып же болбосо Финансылык полицияда кызматын, атайын наамын, ишин
калыбына келтирүү жөнүндө баш тарткандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү бил-
дирүүсү тапшырылган күндөн тартып сотко даттанууга укуктуу.
Финансылык полицияда кызматын, атайын наамын, ишин калыбына келти-
рүү жөнүндө соттун чечими эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык жогорку инстанцияларга апелляциялык даттануулар берилбесе атка-
рылууга тийиш.
Финансылык полицияда ишин калыбына келтирүү иштен бошогон Финансы-
лык полициянын кызматкерин мурдагысына тете ишке дайындоо аркылуу ишке
ашырылат.
37. Финансылык полицияда иши калыбына келтирилген кызматкерге ке-
зектеги атайын наамды ыйгаруу, проценттик үстөк төлөө жана пенсия чек-
төө үчүн иштеген жылдарын эсептөөдө үзгүлтүксүз стажысына кызматын ка-
лыбына келтирүү жөнүндө буйрукка кол коюлган күнгө чейинки алардын иш-
тен бошогон учуру кошулат.
VIII. Корутунду жоболор
38. Финансылык полициянын кызматкерлери ушул Жобонун жана Финансы-
лык полицияда кызмат өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын баш-
ка нормативдик-укуктук актыларынын талаптарын сактоого жекече жоопкер-
чилик тартышат.
Финансылык полициянын улук кызмат адамдары тарабынан Финансылык
полициянын кызматкерине карата укукка жат иш-аракеттер кызматкерге кел-
тирилген зыяндын ордун толтуруу менен кызматтык калыс териштирүүдөн
өтүүгө тийиш, ал эми мындай тартип бузууларда күнөөлүү адамдар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
39. Финансылык полицияга кызматка өткөн Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Кор-
гоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин,
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын
салыктар жана жыйымдар боюнча комитетинин жана Кыргыз Республикасынын
бажы комитетинин, прокуратура жана сот органдарынын, Кыргыз Республика-
сынын юстиция органдарынын аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине
алар тиешелүү кызматтарга дайындалгандан кийин аскердик, атайын наамда-
рын жана класстык чиндерин эске алуу менен атайын наамдар ыйгарылат.
Көрсөтүлгөн кызматкерлерге Финансылык полицияда иштеген жылдары,
анын ичинде жогоруда көрсөтүлгөн органдарда алардын иштеген мөөнөтүн
эске алуу менен пенсия дайындоо үчүн да, Кыргыз Республикасынын норма-
тивдик укуктук актыларына ылайык иштеген жылдары эсептелет.
Финансылык полиция кызматкерлеринин согуш учурунда жана өзгөчө
кырдаал киргизилген аймактарда кызмат өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Башка мамлекеттик органга которулганда финансылык полициянын кыз-
маткерлеринин атайын наамдары сакталат, алар Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдын атайын наамына, атайын класс-
тык чиндерине жана дипломатиялык ранггына тењелет.
40. Кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу курман болгон же кыз-
мат өтөп бүтүшкөндөн кийин кызмат ишин аткарууга байланыштуу алган жа-
ракаттан, контузиядан, оорудан улам каза болгон (өлгөн) Финансылык по-
лициянын кызматкерлерин көмүү Финансылык полиция органдарынын каражаты-
нын эсебинен жүргүзүлөт жана тийиштүү түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн начальник-
тери тарабынан уюштурулат.
Кызматкер дүйнөдөн кайткан учурда анын өлгөн күнүнө чейин алынба-
ган ар айлык кошумча акчалай үлүшүнүн түрлөрү жана акчалай күтүүнүн
кызматтын маянасы (анын ичинде кызматкер өлгөн ай үчүн толук) аны менен
чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же ишке жарамсыздыгынын айынан өлгөн
кызматкердин багуусундагы адамга төлөнүп берилет.
Мындан тышкары, аларга өлгөн кызматкердин көзү бар учурда укугу
пайда болгон бир жолу төлөнүүчү акчалай үлүш төлөнүп берилет.
Үй-бүлө мүчөлөрүнө Финансылык полициянын кызматкери пайдаланбаган
отпуска үчүн компенсация да төлөнөт.
Финансылык полициянын каза болгон кызматкерин көмүү расымдарынын
тартиби Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 171 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициясынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.05.2007 · № 171 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.