Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин координациялоо жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 20-июлундагы
№ 276 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын
иштерин координациялоо жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Координациялык иштин принциптери
III. Координациялык иштин негизги багыттары
IV. Координациялык кењешменин ишинин уюштурулушу жана ыйгарым
укуктары
V. Координациялык кењешмеге катышуучулардын ыйгарым укуктары
VI. Соттор жана сот органдары менен өз ара байланышта иштешүү
I. Жалпы жоболор
1. Ички иштер, прокуратура, улуттук коопсуздук, финансылык поли-
ция, бажылык кызмат органдарынын жана башка укук коргоочу органдардын
иштерин координациялоо мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти чыњдоо,
кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын,
коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максатында
кылмыштарды өз убагында аныктоо, ашкерелөө, токтотуу жана болтурбоо,
алардын жасалышына ыњгай түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу, жазанын
болбой койбостук принцибин ишке ашыруу, мамлекеттик жана финансылык
тартипти бузууга каршы күрөшүү боюнча макулдашылган иш-чараларды иштеп
чыгуу жана жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.
2. Укук коргоо органдарынын иштерин координациялоо Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз
Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ак-
тыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-мартындагы
N 104 "Укук коргоо органдарынын жарандардын, коомдун жана мамлекеттин
мыйзам менен корголуучу укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча иш-
терин координациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө"
Жарлыгынын 1-пунктуна ылайык укук коргоо органдарынын иштерин Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри ал эми жер-жерлерде - жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялардын башчылары координациялашат.
II. Координациялык иштин принциптери
4. Укук коргоо органдарынын иштерин координациялоо төмөнкүдөй не-
гизде ишке ашырылат:
- мыйзамды сактоо;
- жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо;
- маселени коюуда, сунуштарды киргизүүдө, рекомендацияларды жана
иш-чараларды даярдоодо координациялык иштин бардык катышуучуларынын
тењдигин сактоо;
- координациялык кењешменин чечимдерин жана сунуштарын аткарууда
ар бир укук коргоочу органдын ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ме-
нен берилген укуктардын чегиндеги өз алдынчалыгы;
- Кыргыз Республикасынын адамдын жана жарандын укуктарын жана эр-
киндиктерин коргоо, мамлекеттик сырларды (мамлекеттик, аскердик жана
кызматтык сыр) сактоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына каршы келбеген
чектеги ачык-айкындык;
- координациялык кењешмелердин чечимдерин аткарууга ар бир укук
коргоо органынын жетекчисинин жоопкерчилиги.
III. Координациялык иштин негизги багыттары
5. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин коорди-
нациялоо төмөнкүдөй негизги формаларда ишке ашырылат:
- укук коргоо органдарынын жетекчилери менен координациялык кењеш-
мелерди өткөрүү;
- кылмыштуулукка каршы мамлекеттик программалардын, координациялык
кењешменин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
- кылмыштуулуктун абалына, анын динамикасына жана өсүш тенденция-
ларына талдоо жүргүзүү;
- укук коргоо ишин жакшыртуу, кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча
ишти укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
- башка мамлекеттердин укук коргоо органдарынын координациялык иш-
терин изилдөө, жакшы тажрыйбаны жайылтуу;
- жумушчу жана эксперттик топторду түзүү.
Координациялык иштин башка формалары конкреттүү кырдаалга жараша
координациялык кењешменин чечими менен аныкталат.
IV. Координациялык кењешменин ишинин
уюштурулушу жана ыйгарым укуктары
6. Координациялык кењешме Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
тарабынан зарылдыгына жараша, бирок кварталына бирден кем эмес жолу ча-
кырылат. Кезексиз кењешмелер укук коргоо органдарынын жетекчилеринин
демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн.
Координациялык кењешмелер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-
нин төрагалыгы менен, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз
Республикасынын тийиштүү укук коргоо органдарынын жетекчилеринин, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү структуралык бөлүмү-
нүн жетекчисинин же алардын милдетин аткаруучу адамдардын катышуусу ме-
нен өткөрүлөт. Ошондой эле укук коргоо органдарынын башка кызмат адам-
дары, мамлекеттик бийлик органдарынын - министрликтердин, мамлекеттик
комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин
республикалык, облустук, райондук дењгээлдердеги башка органдарынын жа-
на алардын подразделениелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дарынын, аскердик башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жетекчи-
лери, илимий жана педагогикалык кызматкерлер, жалпыга маалымдоо кара-
жаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
Координациялык кењешмеде каралчу маселелерди даярдоо жана анын
ишине катышуу үчүн министрликтердин, ведомстволордун жана Кыргыз Рес-
публикасынын башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
7. Координациялык кењешменин чечими эгер ал үчүн координациялык
кењешмеге катышуучулардын көпчүлүгү добуш берсе кабыл алынды деп эсеп-
телет.
Укук коргоо органдарынын жетекчилери координациялык кењешменин че-
чимдерин аткаруу үчүн тийиштүү уюштуруучу чараларды көрүшөт. Эгер че-
чимди аткарууга бир нече укук коргоочу орган катышса, уюштуруу жагынан
камсыздоо чечимде биринчи болуп көрсөтүлгөн органга жүктөлөт.
Координациялык кењешменин чечимине төрага, ал эми координациялык
кењешменин протоколдоруна - төрага жана жооптуу катчы кол коет.
Координациялык кењешменин чечимдери Кыргыз Республикасынын мамле-
кеттик органдары тарабынан аткарылышка милдеттүү болот.
Укук коргоо органдарынын жетекчилери алар жетектеген органдардын
карамагына жана компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча кабыл алынган
чечимдердин аткарылышын камсыздашат.
8. Координациялык кењешмеде каралчу маселелердин даярдалышы үчүн
жооптуу адамдар же орган төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нан, менчигинин формасына карабастан башка мекемелерден жана уюмдардан
анын иши үчүн керектүү статистикалык жана башка маалыматтарды белгилен-
ген тартипте суроого жана алууга;
- тийиштүү дењгээлдердеги мамлекеттик бийлик органдарынын жана
алардын подразделениелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
рынын, чарбакер субъекттердин кызмат адамдарын, коомдук уюмдардын өкүл-
дөрүн чакырууга жана алардын иштеринде мыйзамдын сакталышы, жарандардын
укуктарынын жана эркиндиктеринин камсыздалышы жана корголушу, укуктук
тартиптин, мамлекеттик жана финансылык тартиптин чыњдалуу маселеси бо-
юнча угууга;
- координациялык кењешменин кароосуна коюлган конкреттүү маселелер
боюнча материалдарды жана документтердин долбоорлорун даярдоо максатын-
да Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүл-
дөрүнөн жумушчу жана эксперттик топторду түзүүгө, ага байланыштуу маа-
лыматтарды чогултууга жана ар кыл мамлекеттик органдарга жиберүүгө жана
координациялык иштин маселелерин ишке ашырууда жалпыга маалымдоо кара-
жаттары менен өз ара байланышты жүзөгө ашырууга;
- кылмыштуулукка, мыйзамды, мамлекеттик жана финансылык тартипти
бузууларга каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу максатында жарандар-
дын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу укуктарын жана
эркиндиктерин сактоо боюнча координациялык иштин милдеттеринен келип
чыгуучу башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
9. Мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдарынын укук коргоо
органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын бузулушуна, жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укукта-
рын жана эркиндиктерин камсыздоого жана кылмыштуу кол салуулардан кор-
гоого, мамлекеттик жана финансылык тартипти сактоого байланыштуу масе-
лелер боюнча иштерине кийлигишүүсү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке
кириптер кылат.
V. Координациялык кењешмеге катышуучулардын
ыйгарым укуктары
10. Координациялык кењешмеде төрагалык кылуучу:
- координациялык кењешмени чакырат;
- координациялык ишти уюштурууга керектүү маалыматтарды мыйзамда
аныкталган тартипте сурап алат;
- координациялык кењешменин чечимдери аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруулардын башчыларына, укук коргоо органдарынын, министр-
ликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун,
аткаруу бийлигинин республикалык, облустук, райондук дењгээлдердеги
башка органдарынын жетекчилерине кызмат адамдарын мыйзамды бузууга жол
бергени жана жарандардын укуктары жана эркиндиктери сакталышын камсыз-
дабаганы үчүн ээлеген кызматынан бошотконго чейин тартиптик жоопкерчи-
ликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун
өкүлдөрүнөн жумушчу жана эксперттик топторду түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү структура-
лык подразделениесинин кызматкерлеринин ичинен координациялык кењешме-
нин жооптуу катчысын дайындайт;
- координациялык кењешменин ишин жетектөө боюнча башка функциялар-
ды аткарат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жок учурда анын координа-
циялык кењешмеге төрагалык кылуу милдетин аткаруу Кыргыз Республикасы-
нын Башкы прокуроруна тапшырылат.
11. Координациялык кењешменин катышуучулары:
- координациялык ишке тиешелүү маселелер боюнча сунуштарды аларды
кароонун зарылдыгын, чечүүнүн жолдорун жана ыкмаларын көрсөтүү менен
киргизишет;
- документтердин долбоорлорун, талкуулоо жана чечим кабыл алуу та-
лап кылынган башка материалдарды макулдашылган тартипте киргизишет;
- кароого коюлган маселелер боюнча чечимдерди талкуулоого жана иш-
теп чыгууга катышышат;
- жумушчу жана эксперттик топтордун катышуучулары боюнча сунуштар-
ды киргизишет;
- координациялык кењешменин кабыл алынган чечимдерин ишке ашыруу
боюнча сунуштарды киргизишет;
- кабыл алынган чечимдердин өзү жетектеген орган тейлеген чөйрөгө
тиешелүү жана компетенциясына кирген бөлүгү аткарылышын камсыздашат.
12. Уюштуруу-техникалык жана маалыматтык-талдоо жагынан координа-
циялоочу ишти камсыздоо, ошондой эле координациялык кењешменин чечимде-
ринин аткарылышын тике контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ап-
паратынын тийиштүү структуралык подразделениесине (бөлүмүнө) тапшыры-
лат.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укук коргоочу ор-
гандардын иштерин координациялоо боюнча бөлүмүнүн ишинин уюштурулушун
жана иштөө тартибин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аныктайт.
14. Координациялык кењешмеде каралчу маселе боюнча документтердин
долбоорлорун аны кароо жөнүндө сунушту демилге тартибинде киргизген ор-
ган, же бул максат үчүн тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жу-
мушчу топ даярдайт.
VI. Соттор жана сот органдары
менен өз ара байланышта иштешүү
15. Укук коргоо органдарынын ишин координациялоонун натыйжалуулу-
гун арттыруу максатында алар соттор жана сот органдары менен өз ара
байланышта иштешет.
Соттор жана сот органдары менен өз ара байланышта иштешүү төмөнкү-
дөй формаларда ишке ашырылышы мүмкүн:
- кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча чараларды иштеп чы-
гууда соттук статистиканын маалыматтарын жана соттук практиканын мате-
риалдарын пайдалануу;
- кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча нормативдик укуктук актыларды
иштеп чыгууда биргелешип иштөө;
- биргелешкен семинарларды жана конференцияларды өткөрүү, тийиштүү
адистердин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын
жогорулатуу боюнча ишке катышуусу;
- биргелешкен информациялык каттарды, маалымкаттарды, баяндамалар-
ды жиберүү.
Соттордун төрагалары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги-
нин Сот департаментинин жана анын аймактык башкармалыктарынын жетекчи-
лери сот ишине жана соттордун чечимдеринин аткарылышын камсыздоого тие-
шелүү маселелер боюнча координациялык кењешмелерге катышууга чакырылы-
шат.
16. Укук коргоо органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөш маселеси
боюнча соттор менен өз ара байланыштагы иши соттук бийлик органдарынын
өз алдынчалык, судьялардын көз карандысыздык жана Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш
ийүүчүлүк принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 276 " Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.07.2007 · № 276
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-мартындагы УП № 104 "Жарандардын мыйзам менен корголгон укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, коомду жана мамлекетти коргоо…Указ · 22.03.2007 · № 104 · Күчүн жоготкон