# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 286 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин иш-аракетин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 286 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин иш-аракетин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 286
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12212/edition/589777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 286 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин иш-аракетин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтому (22.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58409

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 24-июлу № 286

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин иш-аракетин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүн өркүндөтүү жана анын иш-аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыр-

гыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макул- дашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри менен Кыргыз

Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Ресурстук макулда- шууга белгиленген тартипте кол коюу тапшырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 1-августундагы "Мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Жарлыгына толук- тоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлы- гынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

Премьер-министри А.Атамбаев
