# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 281
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58404>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12207/edition/356822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58404.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58404

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 738 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-июлу № 281

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын

катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ички иш-

тер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыр-

гыз Республикасынын ички иштер органдарына жүргүзүлүп жаткан реформало-

онун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде

мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу мак-

сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана

жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин

ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана

жетекчилик курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 530 токто-

му;

- "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана

жетекчилик курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 530 токто-

муна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-декабрындагы № 844 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана

жетекчилик курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 530 токто-

муна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-мартындагы № 172 токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
