# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 276 " Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 276 " Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 276
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58399>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12202/edition/327512/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58399.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 276 " Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (20.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58399

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 20-июлу № 276

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин

координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-мартындагы №

104 "Укук коргоо органдарынын жарандардын, коомдун жана мамлекеттин

мыйзам менен корголуучу укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча иш-

терин координациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө

Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин коорди-

нациялоо жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Жарандардын укуктары жана эркиндиктери сакталышын контролдоодо

укук коргоочу функцияларды камсыздоо жергиликтүү мамлекеттик админист-

рациялардын тийиштүү структуралык бөлүмдөрүнө штаттык санынын жана эм-

гекке акы төлөө фонддорунун чектеринде жүктөлөөрү белгиленсин.

Премьер-министри А.Атамбаев
