# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-июлундагы №268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-июлундагы №268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 268
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12195/edition/389792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-июлундагы №268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (22.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58389

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 11-июлу № 268

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери ту-

уралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы N

605 "Кыргыз Республикасында социалдык жењилдиктерди берүү жөнүндө" ток-

томуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Социалдык жењилдиктерди берүү жыл сайын арыз киргизүү принциби

боюнча райондук, шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыктарына же-

њилдикке укуктуу адамдар кайрылган жана катталган күндөн баштап жүзөгө

ашырылат.";

- 4-пункттун алтынчы абзацындагы "турак жай аянтын техникалык жак-

тан тейлөө" деген сөздөр "турак үйдүн жалпы пайдалануудагы орунун кар-

моого жана ремонттоого" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомго "Электр жана жылуулук энергияларын

пайдалангандык үчүн акы төлөөдө белгиленген нормалардын чегинде респуб-

ликалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жењилдикке укуктуу жарандар-

дын категорияларынын тизмеси" деген N 1 тиркемесинин 2-пунктунун он

төртүнчү абзацында "иштеген же ооруган жылдары" деген сөздөрдөн кийин

", 20 календардык жыл жана андан көп иштеген жылдары бар" деген сөздөр

менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтомго "Турак жай аянты жана коммуналдык кыз-

маттар үчүн акы төлөөдө белгиленген нормалардын чегинде республикалык

бюджеттин каражаттарынын эсебинен жењилдикке укуктуу жарандардын кате-

горияларынын тизмеси" деген N 2 тиркемесинин 2-пунктунун он үчүнчү аб-

зацында "иштеген же ооруган" деген сөздөрдөн кийин ", 20 календардык

жыл жана андан көп иштеген жылдары бар" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтомго "Табигый газды пайдалангандык үчүн акы

төлөөдө белгиленген нормалардын чегинде республикалык бюджеттин кара-

жаттарынын эсебинен жењилдикке укуктуу жарандардын категорияларынын

тизмеси" деген N 3 тиркемесинин 2-пунктунун он үчүнчү абзацында "иште-

ген же ооруган жылдары" деген сөздөрдөн кийин ", 20 календардык жыл жа-

на андан көп иштеген жылдары бар" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтомго "Санаторийде-курортто жењилдиктүү да-

рылануу укугуна ээ жарандардын категорияларынын тизмеси" деген N 7 тир-

кемесинин 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толуктал-

сын:

"- кийин реабилитацияланган эмгек армиясында болгондор Жолдомо бе-

рүүгө мүмкүнчүлүк болбогон учурларда анын орточо баасынын 50 проценти

өлчөмүндө компенсация төлөнөт.";

- жогоруда аталган токтомго "Жол киреден жењилдик алууга укуктуу

жарандардын категорияларынын тизмеси " деген N 8 тиркемесинде 6 жана

8-пункттарынын биринчи абзацтарындагы ", мамлекеттер аралык макулдашуу-

га кол койгон" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган

тартипте жана шарттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 9-пункттагы "шаар тегерегиндеги маршруттагы" деген сөздөрдөн

кийин " бөлүнгөн зонада Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жок

кылууга катышуучулар" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 31-июлундагы N 348

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери

тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункттагы "документте алдын ала эскертилген шарттарда мамле-

кеттер ортосундагы макулдашууларга кол койгон мамлекеттер" деген сөздөр

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жана шарттарда Көзка-

рандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрү" деген сөздөргө алмашты-

рылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр А.Атамбаев
