Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « 2007-2008-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-июлу № 263
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2007-2008-окуу жылына адистиктердин тизмесин
жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын
негизинде билим алуучуларды
кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-статья-
сына ылайык, жогорку кесиптик билимдүү адистерди даярдоонун артыкчылык-
туу багыттарын жана адистиктерди аныктоо максатында Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2007-2008-окуу жылына мамлекеттик органдар аркылуу каржылануучу
мамлекеттик билим берүү гранты № 1 тиркемеге ылайык 5705 санында белги-
ленсин.
2. 2007-2008-окуу жылына адистиктеринин тизмеси жана мамлекеттик
билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмү
№ 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде педагогикалык же
медициналык адистиктер боюнча ЖОЖго кабыл алынган жана кесиптик жогорку
билим алган адамдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минис-
трлигинин же Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
бөлүштүрүүсүнө ылайык жумушка жиберилүүгө тийиш экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна карата мамлекеттик билим берүү
гранттары боюнча 2007-2008-окуу жылына кабыл алуу планын бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволо-
рунун катышуусунда абитуриенттер, анын ичинде республиканын алыскы жана
жетүүгө кыйын, ошондой эле бийик тоолуу зоналарында жашагандар үчүн
мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде ЖОЖдорго өтүүгө жана
окууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган механизмди
иштеп чыксын жана аны бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бир-
дикте региондордун керектөөлөрүн эске алуу менен бюджеттик негизде кад-
рларды даярдоого коюлган талаптарды белгилөө жана аларды ошол келген
жерине кайра жиберүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын нормативдик укук-
тук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим-
деринин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн кароосуна 2007-жылдын 1-сентябрына чейин киргиз-
син;
- 2007-жылдын 1-октябрына чейин республиканын ЖОЖдору боюнча мам-
лекеттик заказды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө топтомо отчетту
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ви-
це-премьер-министри Нур уулу Досболго жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 6-июлундагы
№ 264 токтомуна
№ 1 тиркеме
2007-2008-окуу жылына мамлекеттик органдар аркылуу
каржылануучу мамлекеттик билим берүү гранттарынын
САНЫ
| № | Министрликтердин аталышы | Орундардын саны |
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана | 5040 | |
| илим министрлиги | ||
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо | 170 | |
| министрлиги | ||
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер | 200 | |
| министрлиги | ||
| Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | 120 | |
| Кыргыз Республикасынын Маданият жана | 175 | |
| маалымат министрлиги | ||
| Бардыгы | 5705 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- 2007-2008-окуу жылына адистиктердин тизмеси жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуунун Көлөмү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Перечень · 06.07.2007 · № 263 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июлундагы № 264 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө" ТоктомуПостановление · 06.07.2007 · № 264 · Күчүн жоготкон