# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-июлунда № 258 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун Ташдөбө айылдык кеңешинин жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-июлунда № 258 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун Ташдөбө айылдык кеңешинин жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 258
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12185/edition/327489/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-июлунда № 258 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун Ташдөбө айылдык кеңешинин жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому (10.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58377

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 2-июлу № 258

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун

Ташдөбө айылдык кењешинин жерлерин "Айыл чарба багытындагы

жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери"

категориясына которуу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 10-августундагы № 327 токтомунун

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык жана

Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык

комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке

менчик укугунда таандык 16,41 га сугат айдоосун которуу жөнүндө сунушу

кабыл алынсын, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун

Ташдөбө айылдык кењешинин аймагында жаран М Токоевага - 2,04 га;

- жаран Ш.С.Токторовго - 2,0 га;

- жаран С.М.Рыскельдиевага - 1,75 га;

- жаран Н.И.Бослерге - 1,46 га;

- жаран В.О.Красильниковго - 9,16 га.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-

гы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына

которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-

сы:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-

луш боюнча мамлекеттик агенттик жана Бишкек шаарынын мэриясы менен бир-

дикте бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына "2025-жылга

чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 токтому менен беки-

тилген Бишкек шаарынын башкы планына бекем ылайык курууну камсыз кыл-

сын;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- жалпы пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырт-

та зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникацияларды камсыз кылуу-

ну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы №

327 токтомунун редакциясына ылайык)

4 Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри А. Атамбаев
