# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы №252 "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы №252 "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 252
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12179/edition/354332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы №252 "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому (04.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58370

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №431 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 29-июну № 252

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" 2007-жылдын 16-майындагы N 249 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад- министрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Рес- публикасынын борбордук органдарынын, жеке сектордун, өкмөттүк эмес уюм- дардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2007-2010-жылдарга

өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын иш-чараларынын планын (мындан ары - Иш-чаралардын планы) жүзөгө ашыруу боюнча таасирдүү чараларды көрүшсүн;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктир-

бестен Иш-чаралардын планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист- рлигине отчет берип турушсун.

2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-

трлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чара- лардын планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган отчет берсин.

3. 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу-

нун жүрүшүн жана мониторингин чагылдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттеринин тиркелген планы бекитилсин.

4. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, облустардын мам-

лекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган- дары 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруунун жүрүшүн жана мониторингин чагылдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өк- мөтүнүн иш-аракеттеринин тиркелген планын аткарууга алышсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жүктөл- сүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы N 252 токтому менен бекитилген

2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын (ӨӨС) жүзөгө ашыруунун жүрүшүн жана мониторингин чагылдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ИШ-АРАКЕТТЕРИНИН ПЛАНЫ

| N | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу | Жооптуу |
| --- | --- | --- | --- |
|  |  | мөөнөтү | аткаруучулар |
| 1 | 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү | 2007-жылдын | Экономсоодамин |
|  | стратегиясынын текстин кыргыз, | 5-июлу |  |
|  | орус жана англис тилдеринде жарыялоо |  |  |
| 2 | Республиканын калкынын кењири | 2007-жылдын | Экономсоодамин |
|  | катмары үчүн жеткиликтүү кыскача | 5-июлу |  |
|  | баяндоо менен 2007-2010-жылдарга |  |  |
|  | өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын |  |  |
|  | адаптацияланган вариантын иштеп |  |  |
|  | чыгуу |  |  |
| 3 | 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү | 2007-жылдын | Экономсоодамин |
|  | стратегиясынын адаптацияланган | 5-июлу |  |
|  | вариантынын кыргыз, орус жана англис |  |  |
|  | тилдериндеги текстин жарыялоо |  |  |
| 4 | "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү | 2007-жылдын | Экономсоодамин, |
|  | стратегиясы" темасында региондук | июль-августу | облустардын |
|  | семинарларды өткөрүү |  | мамадминис- |
|  |  |  | трациялары, |
|  |  |  | Бишкек жана Ош |
|  |  |  | шаарларынын |
|  |  |  | мэриялары |
| 5 | 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү | ай сайын | Экономсоодамин, |
|  | стратегиясын жүзөгө ашыруунун |  | облустардын |
|  | жүрүшүн чагылдыруу боюнча |  | мамадминис- |
|  | телекөрсөтүүдө жана радиодо |  | трациялары, |
|  | берүүлөрдүн циклин уюштуруу |  | Бишкек жана Ош |
|  |  |  | шаарларынын |
|  |  |  | мэриялары |
| 6 | Жогорку жана орто кесиптик билим | 2007-жылдын | Экономсоодамин, |
|  | берүү мекемелери үчүн семинарлардын | сентябрь- | Билимберүүмин, |
|  | циклин өткөрүү | декабры | Мамкесиптик- |
|  |  |  | техагенттиги |
| 7 | 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү | 2007-жылдын | Кыргыз |
|  | стратегиясын жүзөгө ашыруунун | июль-декабры | Республикасынын |
|  | жүрүшүн мыкты чагылдырууга жалпыга |  | Өкмөтүнүн |
|  | маалымдоо каражаттардын арасында |  | Аппараты, |
|  | конкурс өткөрүү |  | Экономсоодамин |
