Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 4 июля 2009 года №431 "О реализации Стратегии развития страны на 2009-2011 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-07-04.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №431 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 29-июну № 252
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" 2007-жылдын 16-майындагы N 249 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад- министрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Рес- публикасынын борбордук органдарынын, жеке сектордун, өкмөттүк эмес уюм- дардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2007-2010-жылдарга
өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын иш-чараларынын планын (мындан ары - Иш-чаралардын планы) жүзөгө ашыруу боюнча таасирдүү чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктир-
бестен Иш-чаралардын планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист- рлигине отчет берип турушсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чара- лардын планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган отчет берсин.
3. 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу-
нун жүрүшүн жана мониторингин чагылдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттеринин тиркелген планы бекитилсин.
4. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, облустардын мам-
лекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган- дары 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруунун жүрүшүн жана мониторингин чагылдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өк- мөтүнүн иш-аракеттеринин тиркелген планын аткарууга алышсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жүктөл- сүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы N 252 токтому менен бекитилген
2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын (ӨӨС) жүзөгө ашыруунун жүрүшүн жана мониторингин чагылдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ИШ-АРАКЕТТЕРИНИН ПЛАНЫ
| N | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу | Жооптуу |
| мөөнөтү | аткаруучулар | ||
| 1 | 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү | 2007-жылдын | Экономсоодамин |
| стратегиясынын текстин кыргыз, | 5-июлу | ||
| орус жана англис тилдеринде жарыялоо | |||
| 2 | Республиканын калкынын кењири | 2007-жылдын | Экономсоодамин |
| катмары үчүн жеткиликтүү кыскача | 5-июлу | ||
| баяндоо менен 2007-2010-жылдарга | |||
| өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын | |||
| адаптацияланган вариантын иштеп | |||
| чыгуу | |||
| 3 | 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү | 2007-жылдын | Экономсоодамин |
| стратегиясынын адаптацияланган | 5-июлу | ||
| вариантынын кыргыз, орус жана англис | |||
| тилдериндеги текстин жарыялоо | |||
| 4 | "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү | 2007-жылдын | Экономсоодамин, |
| стратегиясы" темасында региондук | июль-августу | облустардын | |
| семинарларды өткөрүү | мамадминис- | ||
| трациялары, | |||
| Бишкек жана Ош | |||
| шаарларынын | |||
| мэриялары | |||
| 5 | 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү | ай сайын | Экономсоодамин, |
| стратегиясын жүзөгө ашыруунун | облустардын | ||
| жүрүшүн чагылдыруу боюнча | мамадминис- | ||
| телекөрсөтүүдө жана радиодо | трациялары, | ||
| берүүлөрдүн циклин уюштуруу | Бишкек жана Ош | ||
| шаарларынын | |||
| мэриялары | |||
| 6 | Жогорку жана орто кесиптик билим | 2007-жылдын | Экономсоодамин, |
| берүү мекемелери үчүн семинарлардын | сентябрь- | Билимберүүмин, | |
| циклин өткөрүү | декабры | Мамкесиптик- | |
| техагенттиги | |||
| 7 | 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү | 2007-жылдын | Кыргыз |
| стратегиясын жүзөгө ашыруунун | июль-декабры | Республикасынын | |
| жүрүшүн мыкты чагылдырууга жалпыга | Өкмөтүнүн | ||
| маалымдоо каражаттардын арасында | Аппараты, | ||
| конкурс өткөрүү | Экономсоодамин |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №431 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2009 · № 431 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2007 жылдын 13 майы №249 " 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө"Указ · 16.05.2007 · № 249 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №431 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2009 · № 431 · Күчүн жоготкон