Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Турак жай курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана аларга жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоору тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 29-июну № 250
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Турак жай курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана
аларга жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө
жобонун долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 7-пунктунун
негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Турак жай курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана аларга жер
участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењешинин бекитүүсүнө жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту
каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары аталган
Жобонун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалсын.
Премьер-министр А.Атамбаев
Долбоор
Турак жай курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана
аларга жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Негизги жоболор
2. Турак жай курулуш кооперативи
3. ТЖКны уюштуруунун тартиби
4. ТЖКга кирүү жана жер участогунун үлүшүн алуу укугу
5. ТЖКга көп квартиралуу турак үй куруу үчүн жер участогуна укук
берүү
1. Негизги жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Респуб-
ликасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Туракжай кодек-
сине, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ыла-
йык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ту-
рак үй куруу жана тейлөө жана жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер
участогун менчикке акысыз алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жа-
рандары үчүн турак жай курулуш кооперативдерин уюштуруунун тартибин
белгилейт.
Көп квартиралуу турак үй куруу үчүн калктуу конуштарда уюштурулган
турак жай курулуш кооперативдерине жер участогуна укукту акысыз
берүүнүн шарттары ушул Жобо менен аныкталат.
1.2. Бул Жобонун колдонулушу жарандардын башка керектөөлөрүн кана-
аттандыруу максатында түзүлгөн башка адистештирилген керектөөчүлүк коо-
перативдерине жайылтылбайт.
2. Турак жай курулуш кооперативи
Турак жай курулуш кооперативи (мындан ары - ТЖК) Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн, көп квартиралуу же
блокторго бөлүнгөн турак үй, же эки жана андан ашык көп квартиралуу ту-
рак үй комплексинен турган үй куруу үчүн жер участогун акысыз алууга
укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарын бириктирген коммерциялык
эмес кооператив катары ушул Жобо менен аныкталат.
3. ТЖКны уюштуруунун тартиби
3.1. ТЖКны уюштуруу жана ишке киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республи-
касынын Жарандык кодексине ылайык иштелип чыккан ТЖКнын уставы менен
жана ушул Жобонун 4-пунктун эске алуу менен жөнгө салынат.
3.2. ТЖКны мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды мамлекеттик кат-
тоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
4. ТЖКга кирүү жана жер участогунун үлүшүн алуу укугу
4.1. ТЖКга кирүү укугуна Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары
ээ:
- материалдык жана финансылык каражаттар формасында өзүнүн пайдык
салымын ТЖКга салууну каалаган, Кыргыз Республикасынын Граждандык ко-
дексинин 62-статьясына ылайык ишке жарамдуу деп табылган 18 жашка тол-
гон же эрезеге жетелек адамдар;
- ТЖКга кирүү же жер участогун алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарында каттоодо турган.
4.2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 7-пунк-
туна ылайык көп кабаттуу турак үй куруу үчүн жер участогун акысыз алуу-
га укук турак жай курулуш кооперативдерине берилет, алардын мүчөлөрү
төмөнкүдөй болушу керек:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак жай куруу үчүн мурда
берилген жер участогу жок;
- менчик турак жайы (үй, квартира) жок;
- турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптар-
га жооп бербеген менчик турак жайы (үй, квартира) бар;
- акыркы 5 жылдын ичинде менчигиндеги турак жайды сатуу-сатып
алуу, алмашуу, белек кылуу ж.б. бүтүмдөрдү түзүү жолу менен үчүнчү та-
рапка берүү түрүндө өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган
жарандык-укуктук иш-аракеттерди жасабаган.
4.3. ТЖКга кирүү үчүн ТЖК башкармалыгына төмөнкүдөй документтер
берилет:
- белгиленген форма боюнча арыз;
- ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик органдын менчик укугунда турак жайы же жеке турак жай куруу үчүн
мурда берилген жер участогу жок экендиги жөнүндө маалымкаты;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (болсо);
- эмгек ишмердигин жүзөгө ашырууда иштеген жеринен өтүнүч кат (жа-
рандын каалоосу боюнча берилет;)
- жумушсуздун статусун ырастоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
гандын маалымкаты;
- турак жай шарттарын изилдөөнүн актысы (жеке же биргелешкен мен-
чиктеги турак жайдын болушу);
- үй-бүлөнүн курамы тууралуу жашаган жеринен маалымкат;
- ТЖКга кирүүнү же жер участогун алууну каалаган жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органынын эсепке алуу журналынан көчүрмө.
4.4. ТЖКнын мүчөлөрүнүн минималдуу саны, ТЖКнын каражаттарынын
алыш-бериш эсебиндеги топтолгон каражаттын өлчөмү, ошондой эле көп
квартиралуу турак үйдү куруу жана тейлөө үчүн ТЖКга берилген жер учас-
тогунун нормалары тиешелүү аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары тарабынан белгиленет.
5. ТЖКга көп квартиралуу турак үй куруу үчүн
жер участогуна укук берүү
5.1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан көп квартиралуу турак жай ку-
руу үчүн ТЖКга муниципалдык менчиктеги жер участогун пайдаланууга же
ээликке берүү төмөнкүдөй шарттарды аткарууда жүргүзүлөт:
- көп квартиралуу турак үйдү куруу боюнча даярдык иштерин жүргүзүү
үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген
өлчөмдө ТЖКнын алыш-бериш эсебинде каражаттарды топтоо;
- бул Жобонун 4.3-пунктуна ылайык ТЖКнын мүчөлөрү берген ТЖКнын
документтери бар болгон учурда;
- иштелип чыккан эскиздик долбоорду берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген
ТЖКнын мүчөлөрүнүн минималдуу санын түзүү.
5.2. Бул Жобонун 5.1-пунктунун шарттарын аткаруу жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органы дайындаган комиссия менен текшерилет.
5.3. Бул комиссиянын ыйгарым укуктарын жана жобосун жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органы бекитет.
5.4. Жер участогун берүү жөнүндө комиссиянын чечими протокол
түрүндө таризделет. Протоколдо жер участогуна берилген укуктун түрү,
ТЖКнын мүчөлөрүнүн минималдуу санын түзүү жана ТЖКнын алыш-бериш эсе-
биндеги каражаттардын топтолгон өлчөмү жөнүндө маалымат, жер участогун
пайдалануунун шарттары, аны берүүнүн мөөнөтү жана ыкмасы, ТЖКнын толук
тизме курамын түзүү мөөнөтү көрсөтүлөт.
Протокол ыйгарым укуктуу органга жиберилет, ал протокол түшкөн
күндөн кийин 3 жумушчу күндүн ичинде бекитет. Протоколдун көчүрмөсү
ТЖКга берилет.
5.5. Көп квартиралуу турак үйдү куруу үчүн жер участогун берүү
Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жер учас-
тогун берүү жөнүндө комиссиянын чечиминин негизинде калктуу конуштун
аймагында бош жер болгон учурда ишке ашырылат.
5.6. Комиссиянын чечиминин негизинде ТЖК менен жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органынын ортосунда жер участогун берүү жана өздөштүрүү
келишими түзүлөт.
5.7. Келишимдин негизги шарты жер участогун пайдаланууга жана ээ-
ликке берүү болуп саналат. Жер участогу ТЖКнын тескөөсүнө жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары белгилеген талаптарга ылайык берилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Жилищный кодекс Киргизской ССРКодекс · 20.05.1983 · Күчүн жоготкон