# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-июнундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода" министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-июнундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода" министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58367>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12177/edition/327479/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-июнундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода" министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому (28.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58367

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 28-июну № 249

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода"

министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна

толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-

нистрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана

өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-

нистрлигинин кызматкерлеринин сандык чеги 357 адам (техникалык жана

тейлөө персоналын кошпогондо), анын ичинде борбордук аппаратында - 180

адам, аймактык бөлүмдөрүндө - 103 адам, Экономикалык стратегиялар бор-

борунда - 64 адам, чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү жана соода өкүлдөрү -

10 адам санында аныкталсын.

4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык страте-

гиялар борборун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 7-февралындагы № 71 токтому күчүн жоготту деп табылсын.";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин башкаруу схемасы ушул

токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги жөнүндө жободо:

19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

" - чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү жана соода өкүлдөрү".

Премьер-министр А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 28-июнундагы

№ 249 токтомуна

тиркеме

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү

жана соода министрлигинин башкаруу

СХЕМАСЫ

| Кыргыз Республикасынын |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| Экономикалык өнүктүрүү | \------------ |  |  |
| жана соода министрлиги | \<--- | Коллегия |  |
| (борбордук аппарат) | \------------ |  |  |
| Экономикалык |  |  | Аймактык |
| стратегиялар |  |  | органдары |
| борбору |  |  |  |
| Чет өлкөлөрдөгү |  |  |  |
| өкүлчүлүктөрү |  |  |  |
| жана соода өкүлдөрү |  |  |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
