# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июнундагы № 245 " Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын четөлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июнундагы № 245 " Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын четөлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 245
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12173/edition/376495/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июнундагы № 245 " Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын четөлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (02.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58363

---

КР Өкмөтүнүн

2011-жылдын 2-мартындагы № 87 токтомуна ылайык

күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 25-июну № 245

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу

боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын

четөлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мам-

лекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" 2005-жылдын

30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыр-

гыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик коми-

тетинин маселелери" жөнүндө 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 токтому-

нун 3-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Миграция жана

ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын

четөлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрүнүн натыйжалуу ишин камсыз

кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча

мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын четөлкөлөрдөгү мекемеле-

риндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

"2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республика-

сынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыр-

гыз Республикасынын четөлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасы-

нын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин четөл-

көлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн кармоого 2007-жылга бюджетте каралган каражат-

тардын чегинде каржылоону ишке ашырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы №

625 "Россия Федерациясындагы (Москва ш.) Кыргыз Республикасынын Элчили-

гинин алдында Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу бо-

юнча мамлекеттик комитетине караштуу Россия Федерациясындагы Өкүлчүлү-

гүн түзүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республи-

касынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин Мигра-

циялык кызмат департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мигра-

ция жана ишке орноштуруу боюнча "Мамлекеттик комитети" деген сөздөр ме-

нен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын.

4. Бул токтом 2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри А.Атамбаев
