Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында элдик көркөм өнөрчүлүктү сактоонун, кайра жаратуунун жана өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасы» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 13-июнундагы
№ 230 токтому менен
бекитилген
2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында элдик көркөм
өнөрчүлүктү сактоонун, кайра жаратуунун жана өнүктүрүүнүн
МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
I. Мамлекеттик программаны кабыл алуунун
зарылдыгына негиздеме
2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында элдик көркөм өнөрчүлүктү
сактоонун, кайра жаратуунун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы
(мындан ары - Программа) Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн 2006-жылдын
10-июнунда болгон 1-съездинде кабыл алынган резолюциянын негизинде жана
"Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын элдик көркөм өнөрчүлүгүнүн абалын талдоо
уюмдар жана жеке чеберлер үчүн мүнөздүү болгон төмөнкүдөй проблемаларды
аныктоого мүмкүндүк берди:
- жетишсиз финансылык камсыздоо жана өндүрүштүн туруктуу эместиги;
- элдик көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн экономикалык концепциясынын
жоктугу;
- өндүрүштү өнүктүрүү үчүн технологиялык потенциалдын жетишсиздиги
жана материалдык базанын кыскарышы, зарыл жабдуулардын, сырье жана ма-
териалдардын жоктугу;
- маркетингдик иш-аракеттин өнүкпөгөндүгү жана элдик көркөм өнөр-
дүн продукциясын сатып өткөрүүнүн кыскарышы;
- кадрларды даярдоо дењгээлинин жетишсиздиги;
- чыгармачыл жамааттардын таркап кетиши;
- элдик көркөм өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүүчүлөрдү, соода уюмдарын
жана бул чөйрөдөгү адистерди даярдоочу окуу жайларын бириктирүүчү бир-
диктүү системанын жоктугу;
- көркөмдүк дењгээли төмөн жана жасалма продукциялардын рынокко
топтолушу.
Жогоруда саналган проблемалар бул тармактагы мамлекеттик саясат
орто мөөнөттүү келечекте төмөнкүлөргө багытталууга тийиш экендигин
ырастап турат:
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоого жана уюмдарды чыњдоого;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин жана уюмдарынын арасында
бирикмелер менен чыгармачыл союздарды түзүүгө көмөктөшүүчү даректүү иш-
терди жүргүзүүгө.
Элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоого, кайра жаратууга жана өнүк-
түрүүгө таасир этүүчү факторлорду талдоо орун алган проблемаларды би-
риккен күч аракеттер жана элдик көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин өздө-
рүнүн жана уюмдардын, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын биргелешкен күч аракеттери менен чечүүгө боло
тургандыгын көрсөттү.
Ошону менен бирге бул процесс көпчүлүк жагынан элдик көркөм кол
өнөрчүлүктү туруктуу өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүгө жөндөм-
дүү мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуулугу менен аныкталат.
Иштелип чыккан программа элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоого,
кайра жаратууга жана өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө комплек-
стүү мамиленин негиздерин камтыйт жана улуттук маданияттын дењгээлин
жогорулатууга, анын жекечелигин жана өз алдынчалыгын сактоого, чебер-
лердин жана элдик көркөм кол өнөрчүлүк уюмдарынын продукцияларынын са-
патын жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Бул
өз кезегинде элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн продукцияларын сатуу көлөмүн
көбөйтүүгө жана бул тармакта кошумча жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүн-
дүк берет.
II. Программанын максаттары жана милдеттери
Бул программанын максаты элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кай-
ра жаратуу жана өнүктүрүү болуп саналат.
Программанын милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- эл чыгармачылыгын мамлекеттик колдоо формаларын, элдик көркөм
кол өнөрчүлүктүн буюмдарын түзүү боюнча иш-аракеттерди өркүндөтүү;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн чеберлеринин жана уюмдарынын
иш-аракет чөйрөсүндө чыгармачылык жана ишкердик демилгелерди өнүктүрүү
үчүн шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары элдик көркөм
кол өнөрчүлүк искусствосун пропагандалоого көмөктөшүү;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
рынын, элдик көркөм кол өнөрчүлүк чеберлери менен уюмдарынын, ошондой
эле коомдук уюмдардын элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кайра жара-
туу жана өнүктүрүү жагындагы күч аракеттерин бириктирүү.
III. Программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы
Программада каралган милдеттерди чечүү үчүн Иш-чаралардын планы
иштелип чыккан, аны жүзөгө ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктү колдоонун нормативдик укуктук база-
сын чыњдоого;
- республикада элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн чеберлерин бирик-
тирүүчү бирдиктүү система түзүүгө;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн жањы буюмдарын аныктоого;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн буюмдарынын сапатын жана атаанда-
шууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн чеберлеринин жана уюмдарынын по-
тенциалын ишке ашыруу жана өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу чөйрө түзүүгө;
- улуттук маданиятты дањазалоо жагынан жалпыга маалымдоо каражат-
тарынын максатка багытталган жана координацияланган иштерин жүргүзүүнү
камсыздоо, коомдук жакшы пикир түзүү, калкты элдик көркөм кол өнөрчүлүк
чөйрөсүндөгү ишкердикке активдүү тартууга;
- тарыхты жана салттык элдик маданиятты изилдөөнүн негизинде өсүп
бараткан муунду тарбиялоо, элдик көркөм кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү иш-
терди улантуучулукту сактоого;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүк үчүн кадрларга билим берүү дењгээлин
жогорулатууга;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн даярдалуучу буюмдарынын сапатын
жана ар түрдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарт түзүүгө;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн буюмдарын сатып өткөрүү рыногун
кењейтүүгө.
IV. Программаны ресурстук камсыздоо
Программаны каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети-
нин каражаттарынын жана бюджеттен тышкаркы булактардын эсебинен ишке
ашыруу пландаштырылууда.
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын
эсебинен 2008-2010-жылдарга Программаны каржылоонун жалпы көлөмү 143,62
млн. сомду түзөт.
Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө каржылоо көлөмү Кыргыз Рес-
публикасынын республикалык бюджетинин реалдуу мүмкүндүктөрүн эске алуу
менен жыл сайын такталып турууга тийиш.
V. Программаны ишке ашыруу механизми жана аны
аткаруунун жүрүшүн контролдоо
Программаны ишке ашыруу механизми орун алган социалдык-экономика-
лык шарттарды эске алуу менен аткаруучулардын координацияланган мөөнө-
түн жана иш-аракеттердин багытын камтыйт. Аткаруунун ар кандай стадия-
сында милдеттердин өзгөрүшүнө жараша Программанын айрым иш-чаралары
конкреттүү мезгилдин милдеттерине жооп берүүчү дењгээлде башкалары ме-
нен алмашылышы мүмкүн. Программанын иш-чараларын аткаруу үчүн Кыргыз
Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарын жана бюджеттен
тышкаркы булактарды пайдалануу каралат.
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-
лиги - "Элдик көркөм кол өнөрчүлөр союзу" (мындан ары - ЭКӨС) менен
бирдикте ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- Программаны аткаруунун мониторингин жүргүзөт жана белгиленген
иш-чаралардын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен акча каражатта-
рын бөлүүгө бюджеттик суроо-талапты жыл сайын түзөт жана аны белгилен-
ген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.
Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдары жана ЭКӨС (макулдашуу боюнча) 2011-жылга чейин жыл сайын
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине
аяктаган жыл үчүн кийинки жылдын 20-февралына чейин Программаны атка-
руунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турушат.
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-
лиги алынган маалыматты салыштырат жана ошол эле жылдын 10-мартына чей-
ин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Программаны аткаруунун жүрүшү туура-
луу отчет берет.
VI. Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүү
жана социалдык-экономикалык натыйжалары
Программанын натыйжалуулугу ушул иш-чараларды жүзөгө ашырууга кет-
кен сарптоолордун жана аткарылган иш-чаралардын натыйжасында элдик көр-
көм кол өнөрчүлүктүн өндүрүш жана социалдык чөйрөлөрүндөгү дурус өзгө-
рүүлөргө карата аныкталат.
Программаны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү көбөйтүүгө багытталган:
- элдик көркөм кол өнөрчүлүк чөйрөсүндө иштеген субъекттердин са-
нын 10 процентке;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн буюмдарын сатуу көлөмүн 12 процен-
тке;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүк чыгаруучу продукциянын номенклатура-
сын 12 процентке;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн коомдук бирикмелеринин катышуучу-
ларынын санын 16 процентке.
Программаны ишке ашыруу Кыргызстандын калкын рухий жана маданий
өнүктүрүү, таланттуу чеберлердин өзүнчө бир тобун жаратууга көмөктөшүү-
чү ыњгайлуу чөйрө түзүү үчүн мааниси чоњ.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндөЗакон · 16.03.2006 · № 77
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-июнундагы № 230 "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында элдик көркөм өнөрчүлүктү сактоонун, кайра жаратуунун жана өнүктүрүүнүн…Постановление · 19.06.2007 · № 230 · Күчүн жоготкон