# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 236
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58353>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12164/edition/470739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу" Токтому (30.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58353

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 21-июну № 236

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 токтому (КР 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

«Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгисинин сүрөттөлүшү;

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын фуражкасынын маңдайындагы эмблеманын сүрөттөлүшү.

(КР 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгисин жана фуражкасынын маңдайындагы эмблеманы даярдоого байланышкан чыгымдарды республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзсүн.

(КР 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

А. Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын фуражкасынын маңдайындагы эмблеманын сүрөттөлүшү

(КР 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Эмблема бийиктиги 35 мм жана туурасы 80 мм өлчөмүндөгү алтын түстөгү металлдан жасалган шумкарды элестетет. Шумкардын төшүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен сүрөттөлүшкө ылайык Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөтү түшүрүлгөн. Эмблема фуражканын маңдайынын так ортосуна фуражканын үстүнкү кырынан эмблеманын үстүнкү кырына чейин 5 мм аралыкта тагылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгисинин сүрөттөлүшү

(КР 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун форма кийиминин жеңиндеги белгиси Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин форма кийиминин ажырагыс айырмалоочу белгиси болуп саналат.

2. Жеңге тагылуучу белги сүйрү формага ээ, бийиктиги 90 мм, туурасы 80 мм. Жеңге тагылуучу белги кара түстөгү тыгыз кездемеден даярдалган. Жеңге тагылуучу белгинин ортосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен сүрөттөлүшкө ылайык Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөтү түшүрүлгөн.

3. Жеңге тагылуучу белги аскердик формадагы сырт кийиминин оң жеңине ийин тигишинен 80 мм төмөн аралыкта тигилет.

4. Жеңге тагылуучу белги айырмалоочу белгинин ажыратылгыс атрибуту катары форма кийимдери менен кошо берилет.
