# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июнундагы №233/15-4 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү жана 2007-жылы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июнундагы №233/15-4 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү жана 2007-жылы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 233/15-4
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12161/edition/327457/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июнундагы №233/15-4 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү жана 2007-жылы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58350

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 20-июну № 233/15-4

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА КЫРГЫЗСТАН

ПРОФСОЮЗДАР ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ

2007-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн

жайкы эс алуусун уюштуруу

боюнча чаралар жөнүндө

2007-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу

боюнча иш-чараларды өткөрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыр-

гыз Республикасында балдардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис ча-

ралар жөнүндө" 2006-жылдын 20-январындагы № 24 Жарлыгынан келип чыккан

милдеттерди ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызс-

тан профсоюздар федерациясынын жана жумуш берүүчүлөрдүн республикалык

бирикмесинин ортосундагы Башкы макулдашуунун балдарды социалдык жактан

коргоону күчөтүү, эс алуусун уюштуруу жана ден соолугун чыњдоо бөлүгүн

аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргызстан проф-

союздар федерациясынын кењеши токтом кылышат:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, жер-

гиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары жана профсоюз органдарынын жетекчилери:

- жайкы мезгилде балдарды уюшкандыкта эс алууга болушунча көбүрөөк

тартууну камсыздашсын;

- көп тараптуу макулдашууларда жана түзүлчү жамааттык келишимдерде

балдардын эс алуу жана ден соолукту чыњдоо системасына мамлекеттик жана

башка колдоо көрсөтүүнү, балдардын ден соолугун чыњдоочу жайларды сак-

тоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү камсыздоочу чараларды караш-

сын;

- балдардын эс алуу индустриясын өнүктүрүүгө багытталган инвести-

цияларга жана башка ишкердикке ар тараптуу колдоо көрсөтүшсүн;

- жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана мектеп-

тен тышкаркы мекемелердин алдында балдардын күндүзгү болуусу менен эс

алуу лагерлерин уюштуруу боюнча резервдерди пайдаланышсын;

- балдардын ден соолук чыњдоо борборлорун керектүү жабдуулар жана

шаймандар, тамак-аш азыктары менен камсыздашсын, балдардын эс алуусун

жана тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп

чыгышсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майып балдарды, ошондой

эле тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж болгон балдарды жайкы мезгил-

де ден соолугун чыњдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Респуб-

ликасынын Билим берүү жана илим министрлигине өз убагында каражат

бөлүүнү карасын.

3. Кыргызстан профсоюздар федерациясы:

- республикалык бюджеттин максаттуу каражаттарынын эсебинен жетим

балдардын, майып балдардын, аз камсыз жана социалдык жактан аялуу

үй-бүлөлөрдөгү балдардын, балдар үйлөрүнүн, мектеп-интернаттардын тар-

биялануучулынын, башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы окуу

жайлардын, ошондой эле Беловодскидеги атайын мектеп-интернаттын окуучу-

ларынын жайкы эс алуусун камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик ав-

томобиль инспекциясынын балдар түшкөн автобустарды балдардын ден соолу-

гун чыњдоо борборлоруна коштоп барууда көрсөткөн кызматына акыны өз

учурунда төлөсүн;

- бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин профсоюз комитеттерине

даректүү социалдык коргоого муктаж балдар үчүн акысыз жолдомолордун са-

нын бекитилген сметалардын чегинде өз алдынча аныктоого, ошондой эле

үй-бүлөлөрдүн материалдык абалына жараша жолдомолордун акысынын бөлүгүн

төлөөнү бөлүштүрүүгө укук берсин;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз

Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Билим

берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана соци-

алдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана

коммуникациялар министрлигине балдардын ден соолугун чыњдоо борборлору-

нун тизмесин аларды педагогикалык жана медициналык кадрлар, чарбалык

жана тейлөөчү кызматкерлер менен өз убагында комплектилөө, ошондой эле

балдарды ташуунун коопсуздугун жана керектүү укук тартибин камсыздоо

максатында алардын жайгашкан жерлерин, нөөмөттөрдүн санын, келүүнүн жа-

на кетүүнүн графигин көрсөтүү менен берсин;

- 2007-жылдын 25-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ап-

паратына балдардын ден соолугун чындоо борборлорунун паспорттоштурулушу

жана балдарды кабыл алууга даярдыктары жөнүндө маалыматтарды берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- жайкы мезгилде аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү балдардын, майып балдар-

дын, ошондой эле тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж болгон оорулуу

балдардын ден соолугун чыњдоо боюнча иш-чараларды Кыргызстан профсоюз-

дар федерациясынын уюштурушу үчүн чыгымдоолорго 5 млн. сом каражат ка-

расын;

- тарбиялоо процессин өнүктүрүүнү колдоо, ошондой эле балдардын

дене тарбиясынын дењгээлин жогорулатуу жана билим берүү, мектептен тыш-

каркы жана спорт уюмдарында спорт, туризм менен машыгуу, сергек жашоо

мүнөзүнүн көндүмдөрүнө окутуу үчүн шарттарды түзүү максатында мектеп

алдында балдар аянтчаларын уюштурсун, мугалимдер жана тарбиячылар, дене

тарбия мугалимдери үчүн семинарларды өткөрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

- берилген нормаларга жана талаптарга ылайык зарыл дары-дармек ка-

ражаттары менен камсыз кылып, медициналык пункттарды уюштурсун;

- тейлөө кызматкерлеринин медициналык кароодон өтүшүнө жана сани-

тардык минимум тапшырышына контролду камсыздасын, ошондой эле ичүүчү

суунун жана тамак-аш азыктарынын сапатына тандап лабораториялык тек-

шерүү жүргүзсүн;

- тийиштүү аймактык дарылоо-алдын алуучу мекемелерди балдардын ден

соолугун чыњдоочу мекемелерге шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн

бекитип берсин;

- жугуштуу оорулар менен байланышы болбогондугу жөнүндө маалымкат-

тарды берүү менен өспүрүмдөрдү балдардын ден соолугун чыњдоочу борбор-

лорго жөнөтөөрдүн алдында алардын медициналык кароодон өтүшүн камсызда-

сын;

- социалдык жактан опурталдуу топтордогу балдардын жана

өспүрүмдөрдүн токсикоманияга текшерилишин камсыздасын;

- балдардын ден соолугун чыњдоочу борборлордун кызматкерлери меди-

циналык комиссиядан акысыз өтүшүн камсыздасын.

6. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна

"Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" жана "Түндүк электр"

ачык акционердик коомдорунун бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирдикте

балдардын эс алуу мезгилинде балдардын ден соолугун чыњдоочу борборлор-

ду электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүккө жол бербөө боюнча ча-

раларды көрүү сунушталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына республиканын коммерция-

лык банктарынын балдардын ден соолугун чыњдоочу борборлорду балдар эс

алуучу мезгилде каржылоого байланыштуу финансылык операцияларды өз уба-

гында жүргүзүү боюнча иштерин контролдоо сунушталсын.

8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары балдарды өз учурунда балдардын ден соолугун

чыњдоочу борборлорго жеткирүүнү жана кайра алып келүүнү камсыз кылуу

максатында балдардын эс алуусун уюштуруучулардын өтүнмөлөрү боюнча тех-

никалык жактан оњ абалдагы транспорт беришсин.

9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

- балдар түшкөн автобустардын уюштурулган колонналарын коштоо учу-

рунда жол кыймылынын коопсуздугун жана ден соолук чыњдоочу мекемелерде

укуктук тартипти камсыздасын Коштоону акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн

тарифине ылайык жүргүзсүн;

- балдарды ташууга тартылган автотранспорттун техникалык абалына

жана тажрыйбалуу айдоочулардын тандалышына контролду күчөтсүн.

10. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына

балдардын ден соолук чыњдоочу борборлоруна балдарды жеткирүүдө жана

кайра алып келүүдө темир жол транспорту менен ташууга жењилдетилген та-

риф колдонуу жана коопсуздукту камсыздоо сунуш кылынсын.

11. 2007-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республи-

калык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

12. 2007-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республи-

калык штаб ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө жана Кыргызстан профсоюздар федерациясына 2007-жылдын 1-нояб-

рына чейинки мөөнөттө маалымат берсин.

13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Кыргызстан профсоюздар

Премьер-министри федерациясынын төрагасы

А.Атамбаев С.Бозгунбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

жана Кыргызстан профсоюздар

федерациясынын кењешинин

2007-жылдын 20-июнундагы

N 233/15-4 токтомуна

тиркеме

2007-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу

боюнча республикалык штабдын

КУРАМЫ

Ташпаева Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгы-

нын начальниги, штабдын жетекчиси;

Жаналиев Т.Н. - Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы-

нын биринчи орун басары, штабдын жетекчисинин

орун басары.

Штабдын мүчөлөрү:

Гуронов О.Н. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин

биринчи орун басары;

Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык

өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;

Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни-

кациялар министрлигинин статс-катчысы;

Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун

басары;

Иманалиева Э.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим

министринин орун басары;

Каратаев М.М. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо ми-

нистринин орун басары.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов
