# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июнундагы № 232 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июнундагы № 232 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 232
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12160/edition/327456/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июнундагы № 232 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58349

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 20-июну № 232

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча

камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу

взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөр-

түүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу

боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-

йындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Мамлекеттик социалдык камсыз-

дандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" 2007-жылдын

4-апрелиндеги № 95 токтомуна ылайык жиберилген "Мамлекеттик социалдык

камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-

гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинен кайра сурап алынсын.

5. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу

взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 4-апрелиндеги № 95 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча

камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-статья.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взнос-

торунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-жыл, N 5, 229-ст.)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 2-статьяда:

а) 1-пунктунда:

"а" пунктчасында:

- биринчи абзац "жалданган жумушчулардын пайдасына" деген

сөздөрдөн кийин ", туруктуу же убактылуу жумушка, келишим же контракт,

макулдашуу боюнча жумушка, ошондой эле жалдоочунун менчигинин түрүнө

жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында каттоонун түрүнө

карабастан бир жолку жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга кабыл

алынган" деген сөздөр менен толукталсын;

- биринчи абзацтагы "21" деген цифра "19" деген цифра менен алмаш-

тырылсын;

- үчүнчү абзацтагы "19 пайыз" деген цифра жана сөз "17 пайыз" де-

ген цифра жана сөзгө алмаштырылсын;

"б" пунктчадагы "19" деген цифра "17" деген цифра менен алмашты-

рылсын;

"г" пунктчадагы "19" деген цифра "17" деген цифра менен алмашты-

рылсын;

б) 2-пункттун "а" пунктчасындагы "жалдоочулар" деген сөз ", турук-

туу же убактылуу жумушка, келишим же контракт, макулдашуу боюнча жумуш-

ка, ошондой эле жалдоочунун менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасы-

нын салык кызмат органдарында каттоонун түрүнө карабастан бир жолку жу-

муштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга" деген сөздөр менен толуктал-

сын.

2. 3-статьянын "а" пунктунда:

- экинчи абзацтагы "21 пайыз" деген цифра жана сөз "19 пайыз" де-

ген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацтагы "19 пайыз" деген цифра жана сөз "17 пайыз"

деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын.

3. 4-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасынын экинчи абзацындагы "17

пайыз" деген цифра жана сөз "15 пайыз" деген цифра жана сөз менен ал-

маштырылсын.

4. 6-статьяда:

- 1-пункттагы "- алынган кирешенин өлчөмүнө карабастан эсептик

көрсөткүчтүн алты эсе өлчөмүнүн 24 пайызынын өлчөмүндө" деген цифра жа-

на сөздөр "- эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүнүн 8 пайыз өлчөмүндө"

деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

5. 7-статьяда:

- 1-пунктта "он эсе эсептик көрсөткүч" деген сөздөр "эсептик

көрсөткүчтүн он беш эсе өлчөмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 9-статьянын экинчи абзацындагы "24 пайыз" деген цифра жана сөз

"22 пайыз" деген цифра жана сөзгө алмаштырылсын.

7. 10-статьядагы "эсептик көрсөткүчтүн беш эсе өлчөмүнүн 25 пайы-

зы" деген цифралар жана сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүнүн

8 пайызы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.

8. 11-статьяда:

2-пункт:

- "майыптар" деген сөздөн кийин "жана юридикалык жак түзбөстөн

дыйкан (фермердик) чарбада жер үлүшү бар I жана II топтогу майыптар"

деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Юридикалык жак түзбөстөн дыйкан (фермердик) чарбалардагы I жана

II топтогу майыптарга таандык жер үлүштөрү үчүн камсыздандыруу взносто-

рун чарбанын ишке жарактуу мүчөлөрү төлөөгө укуктуу. Төлөнгөн камсыз-

дандыруу взносторунун суммасы алардын жеке камсыздандыруу эсебине ки-

риштелет.".

9. 13-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында:

- "он эсе эсептик көрсөткүч" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн он

беш эсе өлчөмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "төрт эсе эсептик көрсөткүч" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн

беш эсе өлчөмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын".

2-статья.

Бул Мыйзам 2007-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
