# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июнундагы №231 "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июнундагы №231 "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 231
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12159/edition/327455/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июнундагы №231 "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58348

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 20-июну № 231

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык

фондунун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берил-

син.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу

боюнча) бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-

раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-

далсын.

4. "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-февралындагы № 30 токтомуна ылайык

жиберилген "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюдже-

ти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешинен кайра сурап алынсын.

5. "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-февралындагы № 30 токтому күчүн

жоготту деп табылсын.

Премьер-министри А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык

фондунун бюджети жөнүндө

1-статья.

2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети

8469,8 млн. сом жана чыгашалары 7604,1 млн. сом суммасында жана бюджет-

тин жогорку профицити N 1 тиркемеге ылайык 865,7 млн. сом суммасында

бекитилсин, анын ичинде:

Пенсиялык фонд - кирешелер боюнча 8101,5 млн. сом суммасында жана

чыгашалар 7235,8 млн. сом суммасында;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - кирешелер боюнча

368,3 млн. сом жана чыгашалар 368,3 млн. сом суммасында.

2-статья.

2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин

киреше бөлүгү социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдүн жана республика-

лык бюджеттен трансферттердин эсебинен 8469,8 млн. сом суммасында анык-

талсын, анын ичинде фонддор боюнча:

Пенсиялык фонд - 8101,5 млн. сом;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - 368,3 млн. сом.

3-статья.

2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун каржылоо рес-

публикалык бюджеттен 1418,7 млн. сом суммасында бекитилсин, анын ичин-

де:

аскер кызматчыларынын пенсиясына (Кыргыз Республикасынын Ички иш-

тер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыр-

гыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жана башкалардын пенсио-

нерлерине) жана аскер кызматчыларына мамлекеттик милдеттүү жеке камсыз-

дандырууга - 391,9 млн. сом;

пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бийик тоолуу шарттарда иш-

тегендерге) жана майыптардын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары-

нын жана башкалардын пенсияларына үстөктөр - 577,1 млн. сом;

пенсионерлерге электр энергиясына компенсациялык төлөмдөргө -

449,7 млн. сом.

4-статья.

Пенсиялык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду-

нун чыгымдарынын статьяларын каржылоо төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:

Пенсиялык фонддун каражаты боюнча - 7235,8 млн. сом;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаты боюнча - 368,3 млн.

сом.

5-статья.

2007-жылга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымда-

рынын статьясын каржылоо N 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6-статья.

2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин

чыгымдарын каржылоо камсыздандыруу взносторунун эсебинен жана башка бу-

лактардан иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлөрү белгилен-

син.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чогулган каражаттардын тие-

шелүү камсыздандыруу фонддоруна өз учурунда которулушу үчүн жоопкерчи-

лик тарта тургандыгы белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгым-

дары түшкөн камсыздандыруу взносторунун көлөмүнөн үч проценттен ашпаган

өлчөмдө түзүлүп, өткөн жылдардагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фон-

дунун бюджетинин аткарылышын эсепке алуу менен сарптала тургандыгы бел-

гиленсин:

- ушул Мыйзамдын N 1 жана 2-тиркемелерине эгерде Кыргыз Республи-

касынын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып

келбесе, ушул Мыйзамдын 1-статьясында бекитилген сумманын чектеринде

өзгөртүү киргизе тургандыгы;

- кошумча түшүүчү камсыздандыруу взносторунун чектеринде Кыргыз

Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү

киргизе тургандыгы.

Киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши та-

рабынан бекитилет.

7-статья.

Бюджеттик жыл 1-январь-31-декабрдын ортосундагы аралык болуп сана-

ла тургандыгы белгиленсин. Эсептөө мезгили финансылык жылды жана бир

айдан ашпаган мезгилдин бүтүшүнөн кийинки убакытты камтыйт, анын аралы-

гында пенсиялык милдеттенмелерди кошпогондо отчеттук жыл үчүн бюджетти

аткаруунун чектеринде кабыл алынган милдеттенмелер боюнча операциялар

аяктайт. Бюджет боюнча операцияларды аяктоонун конкреттүү мөөнөтү Кыр-

гыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармалыгы тарабынан ар жыл

сайын аныкталат.

8-статья.

Бул Мыйзам 2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
