# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-июнундагы № 228 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-июнундагы № 228 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12156/edition/327451/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-июнундагы № 228 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58345

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2007-жылдын 13-июну № 228

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү

жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.”Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү

жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам

долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Вице-премьер-министр Нур уулу Досбол

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо

Киргизүү жөнүндө

1-статья. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.)

төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

“Салык Кодексин колдонуу чөйрөсү” деген 2-статья төмөнкүдөй

мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

“3. Салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдарда карама-каршылыктар

болгон учурда, бул карама-каршылыктар боюнча чечимдерди салык кызматы

органдары жана (же) сот органдары салык төлөөчүнүн пайдасына кабыл

алат. Ушул бөлүктүн максатында салыктар жана жыйымдар жөнүндө

мыйзамдагы карама-каршылык деп салык төлөөчүгө бир мааниде аныктоого

жана (же) салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамда каралган өз милдетин

аткарууга мүмкүндүк бербеген, бири-бирине каршы келген эки же бир нече

нормалардын болушу түшүнүлөт.”.

2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук

актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө

кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
