# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июну №227 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын айрым мекемелерин жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июну №227 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын айрым мекемелерин жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12155/edition/327450/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июну №227 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын айрым мекемелерин жоюу жөнүндө" токтому (09.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58344

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 9-июну N 227

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын

айрым мекемелерин жоюу жөнүндө

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемеле-

ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармалыгынын төмөнкү түзөтүү мекемелери жоюлсун:

- Нарын облусунун Нарын шаарында жайгашкан № 7 (№ 7 колония-посе-

ление) мекемеси;

- Жалалабат облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаарчасында

жайгашкан № 13 (№ 13 колония-поселение) мекемеси;

- Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында жайгашкан № 28

(№ 28 колония-поселение) мекемеси.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- жоюлган түзөтүү мекемелеринин базасында өндүрүштүк участкаларды

уюштуруу жөнүндө маселени карасын;

- түзөтүү мекемелеринин персоналын бошотуу жана Кыргыз Республика-

сынын мыйзамдарына ылайык финансы-материалдык баалуулуктарды өткөрүп

берүү маселесин чечсин;

- Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү

жазууларды киргизсин.

Премьер-министри А.Атамбаев
