Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын айрым мекемелерин жоюу жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-июну N 227
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын
айрым мекемелерин жоюу жөнүндө
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемеле-
ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу
башкы башкармалыгынын төмөнкү түзөтүү мекемелери жоюлсун:
- Нарын облусунун Нарын шаарында жайгашкан № 7 (№ 7 колония-посе-
ление) мекемеси;
- Жалалабат облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаарчасында
жайгашкан № 13 (№ 13 колония-поселение) мекемеси;
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында жайгашкан № 28
(№ 28 колония-поселение) мекемеси.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- жоюлган түзөтүү мекемелеринин базасында өндүрүштүк участкаларды
уюштуруу жөнүндө маселени карасын;
- түзөтүү мекемелеринин персоналын бошотуу жана Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык финансы-материалдык баалуулуктарды өткөрүп
берүү маселесин чечсин;
- Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү
жазууларды киргизсин.
Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-мартындагы № 76-б буйругуРаспоряжение · 06.03.2008 · № 76-р
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197