# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 225 "Кыртыш астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүү себептерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын, айыл чарба жерлерин коргоо жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 225 "Кыртыш астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүү себептерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын, айыл чарба жерлерин коргоо жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 225
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12153/edition/327448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 225 "Кыртыш астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүү себептерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын, айыл чарба жерлерин коргоо жөнүндө" Токтому (09.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58342

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2007-жылдын 9-июну № 225

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ

Кыртыш астындагы суулардын дењгээлинин көтөрүлүү

себептерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын

Ош облусунун Карасуу районундагы Савай айыл

өкмөтүнүн калктуу конуштарын, айыл чарба

жерлерин коргоо жөнүндө

Кыртыш астындагы суулардын дењгээлинин көтөрүлүү

себептерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун

Карасуу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын,

айыл чарба жерлерин коргоо үчүн иш-чараларды иштеп чыгуу

боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-ноябрындагы № 661-6

буйругу менен түзүлгөн комиссиянын сунушунун негизинде

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра

иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаменти

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы

Савай айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын жана айыл чарба

жерлерин суу каптоодон коргоого карата иш-чаралардын

комплексин иштеп чыгуу жана себептерин изилдөө боюнча

долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга бирдиктүү

заказчы болуп аныкталсын.

2. “Кыргызсуудолбоор” ачык акционердик коомуна Кыргыз

Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министрлигинин Кыргыз илим-изилдөө ирригация институту жана

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана

минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз

комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы менен бирдикте

ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн калктуу конуштарда

жана айыл чарба жерлеринде кыртыш астындагы суулардын

көтөрүлүү дењгээлин азайтуу боюнча инженердик-изилдөө

иштеринин комплексин аткаруу жана долбоордук-сметалык

документацияларды иштеп чыгуу жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз

Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү менен долбоордук-изилдөө жана

авариялык-калыбына келтирүү иштерин каржылоо үчүн 2007-жылга

кошумча каражаттарды бөлүүнү камсыз кылсын:

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра

иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментине

долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүүгө 4 млн. сом;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине

Ош облусунун Карасуу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн

калктуу конуштарын жана айыл чарба жерлерин суу каптоодон

коргоо боюнча иштерди жүргүзүүгө жана иштеп жаткан

коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоого 12 млн. сом.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук

тартип жана коопсуздук бөлүмүнө жана агрардык өнүктүрүү

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев
