# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 214 "Айдоочулардын күбөлүктөрүн жана автомототранспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү алмаштыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-майындагы № 291 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 214 "Айдоочулардын күбөлүктөрүн жана автомототранспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү алмаштыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-майындагы № 291 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12141/edition/1292747/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 214 "Айдоочулардын күбөлүктөрүн жана автомототранспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү алмаштыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-майындагы № 291 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58330

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 7-июну № 214

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Айдоочулардын күбөлүктөрүн жана автомототранспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү алмаштыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-майындагы № 291 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандары жана автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат.

1. "Айдоочулардын күбөлүктөрүн жана автомототранспорт каражаттарын

каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү алмаштыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-майындагы № 291 токтомунун 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. Ички пайдалануу жана КМШ өлкөлөрү үчүн айдоочулук күбөлүктү берүү боюнча бланка үчүн акы төлөөнү кошо алганда 7 АКШ доллары өлчөмүндө, эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүккө (тышкы пайдалануу үчүн) - 25 АКШ доллары өлчөмүндө жана автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүккө - 8,5 АКШ доллары өлчөмүндө 2007-жылдын 1-июнунан тартып кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы белгиленсин.".

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев
