# "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө Жобо" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 212 токтому менен бекитилген

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө Жобо" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 212 токтому менен бекитилген
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2374/edition/327428/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө Жобо" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 212 токтому менен бекитилген (20.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58328

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 7-июнундагы

№ 212 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын

Улуттук аттестациялык

комиссиясы жөнүндө

ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 20-декабрындагы № 704 токтомунун

редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

II. УАКтын милдеттери

III. УАКтын функциялары

IV. УАКтын укуктары

V. УАКтын ишин уюштуруу

VI. УАКтын мүлкү жана аны каржылоо

VII. УАКтын ишин токтотуу

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы (мындан

ары - УАК) бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана жогорку ква-

лификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо-

чу, аларга окумуштуулук даражаларды берүүнү, окумуштуулук наамдарды ый-

гарууну, ошондой эле ушул чөйрөдө башкарууну ишке ашыруучу Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик илимий-эксперттик орган бо-

луп эсептелет.

2. УАК өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-

нин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын жана Кыргыз Респуб-

ликасынын башка нормативдик укуктук актыларын, ушул Жобону жетекчиликке

алат.

3. УАК уюштуруучу-укуктук формада түзүлгөн мекеме катары юридика-

лык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, эсеп-кысабы, ага беки-

тилип берген мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү

түшүрүлгөн, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган

мөөрү бар.

4. УАКтын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

5. УАКтын расмий аталышы - "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттес-

тациялык комиссиясы", кыскартылганы - "УАК".

II. УАКтын милдеттери

6. УАКтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу, жогорку квалифика-

циялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатын-

дагы ишмердикти контролдоону жана координациялоону ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын илимий потенциалын калыптандырууга каты-

шуу, илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын сапаттык курамын жак-

шыртууга, аларды даярдоонун натыйжалуулугун жана коом менен мамлекеттик

керектөөлөрүн, илимди, билим берүүнү, техниканы жана маданиятты

өнүктүрүү келечектерин эске алуу менен пайдаланууну жогорулатууга көмөк

көрсөтүү:

- жогору квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар-

ды аттестациялоо жаатындагы башкаруу функцияларын жүзөгө ашыруу;

- жогору квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар-

ды аттестациялоо жаатындагы мамилелерди ченемдик-укуктук жөнгө салууну

камсыз кылуу;

- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадр-

ларды аттестациялоо жаатындагы эларалык кызматташтыкты уюштуруу жана

өнүктүрүү, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет-

тердин, Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бир-

диктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө катышуу.

III. УАКтын функциялары

7. УАК өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды

аткарат:

- өз компетенциясынын чегинде диссертациялык эксперттик кењештерди

түзүүнүн жана алардын ишин уюштуруунун тартибин аныктайт;

- илимдин докторунун, илимдин кандидатынын окумуштуулук даражала-

рын берүүнүн жана профессордун, доценттин, улук илимий кызматкердин

окумуштуулук наамдарын ыйгаруунун тартибин аныктайт;

- доктордук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча дис-

сертациялык кењештерди түзөт, ушул кењештердин персоналдык курамын бе-

китет жана диссертацияларды коргоого кабыл алуу укугу берилүүчү илимий

адистиктердин тизмесин аныктайт;

- Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттер-

дин жана Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бир-

диктүү илимий-билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча кызматташтыкты

өнүктүрүү максатында мамлекеттер аралык диссертациялык кењештерди

түзүүгө катышат;

- диссертациялык кењештердин ишмердигине контролдук кылат, алардын

тажрыйбасын үйрөнүү жана жалпылоо максатында ушул кењештердин жетекчи-

леринин отчетторун угат, ошондой эле Илимий кызматкерлердин адистикте-

ринин номенклатурасына киргизилчү өзгөрүүлөрдү эсепке алуу менен ар бир

илимий адистик боюнча диссертациялык кењештердин тармактарын кайра ка-

райт;

- тийиштүү диссертациялык кењештин өтүнмөсүнүн негизинде илимдин

докторунун, илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасын берет;

- тийиштүү окумуштуулар (илимий-техникалык) кењештин сунушу боюнча

профессордун, доценттин, улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамда-

рын ыйгарат;

- республикада корголгон диссертациялардын эсебин алат, аларга

талдоо жүргүзөт жана алар боюнча белгиленген тартипте кызыккан уюмдарга

тийиштүү маалыматтарды берет;

- диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктарын жарыялоо үчүн

илимий журналдардын жана басылмалардын тизмесин аныктайт;

- эксперттик кењештерди түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартибин

аныктайт;

- окумуштуулук даражалар жана окумуштуулук наамдар жөнүндөгү мам-

лекеттик үлгүдөгү документтердин формаларын иштеп чыгат жана бекитет,

бул документтердин Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык

чет өлкөлөрдө ырасталышы, таанылышы жана эквиваленттүүлүгү менен байла-

нышкан маселелерди чечет;

- белгиленген тартипте илимдин докторунун жана илимдин кандидаты-

нын дипломдорун, профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин

аттестаттарын толтурат жана берет;

- чет мамлекеттерде алынган окумуштуулук даражалар жана окумуштуу-

лук наамдар жөнүндөгү документтердин эквиваленттүүлүгүн таануу тартибин

аныктайт, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык

көрсөтүлгөн документтердин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөрдү бе-

рет;

- окумуштуулук даражалардын жана окумуштуулук наамдардын эквива-

ленттүүлүгүн таануу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен келишимдерди (ма-

кулдашууларды) түзбөгөн мамлекеттерде берилген (ыйгарылган) окумуштуу-

лук даражалары (окумуштуулук наамдары) бар республиканын илимий жана

илимий-педагогикалык кадрларын кайрадан аттестациялоону ишке ашырат;

- өз компетенциясынын чегинде окумуштуулук даражалардын жана оку-

муштуулук наамдардын эквиваленттүүлүгүн таануу жөнүндө Кыргыз Республи-

касы менен келишимдерди (макулдашууларды) түзгөн башка мамлекеттерде

алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын окумуштуулук даражаларды

берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү документтерин ност-

рификациялоону (тењештирүүнү) жүргүзөт;

- маалымат технологияларынын өнүгүшүнүн бүгүнкү дүйнөлүк дењгээлин

эске алуу менен илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестация-

лоо жаатындагы маалыматташтырууну ишке ашырат;

- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселе-

си боюнча эларалык уюмдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын

таламдарын көздөйт, ошондой эле ведомстволор аралык мүнөздөгү эларалык

келишимдерди түзөт жана УАКтын компетенциясына кирген маселелер боюнча

Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринин долбоорун даярдоого ка-

тышат;

- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадр-

ларды аттестациялоо маселелери боюнча чет мамлекеттер менен түзүлгөн

келишимдерден, эларалык кызматташтык программаларынан, ошондой эле ве-

домстволор аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан Кыр-

гыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат;

- өз компетенциясынын чегинде ЖОЖдордун, илимий мекемелердин, бас-

малардын, аларга жогорку окуу жайлардагы билим алуудан кийинки програм-

малардын жүзөгө ашырылышына (докторантуранын, аспирантуранын, из-

денүүчүлүк) жана илимий басма продукция чыгарууга укук берүүчү алардын

статусун аныктоо жагында аккредитациясына катышат;

- таламдаш министрликтер, ведомстволор жана уюмдар менен бирдикте

илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасын жакшыртуу боюнча

иш жүргүзөт;

- белгиленген тартипте жогорку квалификациялуу илимий жана илимий

педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча нормативдик жана укуктук доку-

менттерди иштеп чыгууга катышат;

- УАКтын ишин маалыматташтыруу жана УАКтын маалымат түйүнүн түзүү

боюнча иштерди жүргүзүү;

- УАКтын иши жөнүндө коомчулукка маалымдайт.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-декабрындагы № 704 токтомунун редак-

циясына ылайык)

IV. УАКтын укуктары

8. УАК төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- " - диссертациялык жана окумуштуулар (илимий-техникалык) кењеш-

тердин жетекчилеринин иш тажрыйбасын үйрөнүү жана жалпылоо максатында

алардын отчетторун угууга;

- диссертацияларды коргоонун аныкталган тартибин одоно бузган

учурда диссертациялык кењештерди диссертацияларды коргоого алуу укугу-

нан ажыратууга жана алардын ишмердигин токтотууга;

- зарыл болгон учурда расмий оппоненттерди дайындоого, диссертаци-

ялык иштерди экспертизалоо жана диссертациялык кењештердин ишмердигин

текшерүү үчүн жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартууга;

- ведомстволук таандыктыгына карабастан диссертацияларды коргоо

боюнча кењештер жана илимий (илимий-техникалык) кењештер иштеген уюмдар

менен мекемелерден ар жылдык илимий-уюштуруу жана статистикалык отчет-

торду жана зарыл учурларда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан

илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды

- аттестациялоону өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана

жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды белгилеген тартипте алууга;

- жогору квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар-

ды аттестациялоонун мамлекеттик системасын өркүндөтүү, диссертациялар-

дын илимий дењгээлин жана колдонуу баалуулуктарын жогорулатуу менен

байланышкан маселелерди талкуулоо боюнча белгиленген тартипте кењешме-

лерди чакырууга;

- өз компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк аттестациялык уюмдар ме-

нен эларалык кызматташтыкты жүргүзүүгө, жогору квалификациялуу илимий

жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселеси боюнча эла-

ралык уюмдардын ишине катышууга;

- УАКтын бюллетенин басып чыгарууга жана таратууга, ошондой эле

жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды ат-

тестациялоо менен байланышкан башка материалдарды жарыялоо үчүн даярдо-

ого.

V. УАКтын ишин уюштуруу

9. УАКка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу төра-

га жетекчилик кылат. УАКтын төрагасынын бир орун басары - УАКтын башкы

окумуштуу катчысы болот, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

буйругу менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. УАКтын тө-

рагасы УАКка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жооп берет жа-

на анын ишине жетекчилик кылат.

10. УАКтын курамынын ыйгарым укугуна УАКтын башка башкаруу орган-

дарынын компетенциясына тиешелүү маселелерден башка ушул Жободо карал-

ган маселелер боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу кирет. УАКтын

түзүмү жана штаттык саны УАКтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.

11. УАКтын курамынын иш формасы болуп жыйын эсептелет. УАКтын жы-

йыны зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

УАКтын жыйыны УАКтын төрагасы тарабынан чакырылат жана анын курамынын

жарымынан көбүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. УАКтын чечими жыйынга ка-

тышкан анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

12. УАКтын курамынын жыйындарынын аралыгында аттестациялоонун

учурдагы маселелерин тез чечүү үчүн 15 мүчөдөн: УАКтын төрагасы (кызмат

орду боюнча) жана төраганын орун басары - УАКтын башкы окумуштуу катчы-

сы (кызмат орду боюнча), башка көрүнүктүү окумуштуулар, илимдин, техни-

канын, билим берүүнүн, маданияттын негизги багыттарынын адистери, жо-

горку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даяр-

доону активдүү ишке ашырып жатышкан министрликтер менен ведомстволордун

жетекчилеринен турган УАКтын президиуму иш жүргүзөт. УАКтын президиуму-

нун персоналдык курамы УАКтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Респуб-

ликасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.

УАКтын президиумунун чечимдери жыйынга УАКтын президиум

мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда толук укукка ээ

болот. УАКтын президиумунун чечимдери жыйынга катышуучу УАКтын президи-

ум мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык же жашыруун до-

буш берүү аркылуу кабыл алынат.

13. УАКтын президиумунун компетенциясына тиешелүү негизги маселе-

лердин ичине төмөнкүлөр кирет:

- доктордук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча дис-

сертациялык кењештерди түзүү, алардын персоналдык курамын бекитүү жана

диссертацияларды коргоого кабыл алуу укугу бериле турган илимий адис-

тиктердин тизмесин аныктоо;

- эксперттик кењештердин корутундуларынын негизинде диссертациялык

кењештердин ишин токтото туруу же биротоло токтотуп коюу;

- диссертациялык кењештердин ишмердигине контролдук кылуу, алардын

иш-тажрыйбасын үйрөнүү жана жалпылоо максатында диссертациялык кењеш-

тердин жетекчилеринин отчетторун угуу;

- тийиштүү диссертациялык кењештин өтүнүчүнүн негизинде илимдин

докторунун жана кандидатынын окумуштуулук даражасын берүү;

- тийиштүү окумуштуулар (илимий-техникалык) кењешинин сунушу боюн-

ча профессордун, доценттин, улук илимий кызматкердин наамдарын ыйгаруу;

- өз компетенциясынын чегинде окумуштуулук даражаларды берүүнү жа-

на окумуштуулук наамдарды ыйгарууну таануу жөнүндө Кыргыз Республикасы

менен келишимдерди (макулдашууларды) түзгөн башка мамлекеттерде окумуш-

туулук даражалар жана окумуштуулук наамдар ыйгарылгандыгы жөнүндө доку-

менттерди нострификациялоо (тењештирүү) жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

- өз компетенциясынын чегинде окумуштуулук даражаларды жана оку-

муштуулук наамдарды таануу жана алардын эквиваленттүүлүгү жөнүндө Кыр-

гыз Республикасы менен келишимдерди (макулдашууларды) түзбөгөн мамле-

кеттерде берилген (ыйгарылган) окумуштуулук даражалары жана окумуштуу-

лук наамдары бар Кыргыз Республикасынын жарандарын кайрадан аттестация-

лоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

- окумуштуулук даражаларды берүү менен байланышкан диссертациялык

кењештердин, ошондой эле окумуштуулук наамдарды ыйгарууга байланышкан

окумуштуулар (илимий-техникалык) кењештердин чечимдерине апелляциялар

боюнча чечим кабыл алуу;

- эксперттик кењештерди түзүү.

14. Диссертациялык кењештерди түзүү (кайра бекитүү, алардын ишин

токтото туруу же токтотуп коюу) жөнүндө УАКтын президиумунун чечимдери

УАКтын төрагасынын буйруктары менен таризделет.

15. УАКтын төрагасы:

- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен УАКтын системасын-

дагы иштерди каржылоонун көлөмү жана тартиби боюнча сунуштарды даяр-

дайт, УАКтын аппаратынын кызматкерлеринин белгиленген санынын жана эм-

гек акы фондунун чегинде УАКтын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө

жобону, ошондой эле тиешелүү мезгилге бекитилген бюджеттик каражаттар-

дын чектеринде аны күтүүгө чыгымдардын сметасын бекитет;

- УАКтын, президиумдун жана УАКтын аппаратынын ишин уюштурат,

төраганын орун басарынын - УАКтын башкы окумуштуу катчысынын милдетте-

рин аныктайт;

- УАКты каржылоого бөлүнүүчү каражаттардын чектеринде кредиттерди

бөлүштүрүүчү болуп саналат;

- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана жогорку квалифика-

циялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо, оку-

муштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу маселе-

лери менен байланышкан нускамаларды чыгарат. Алардын аткарылуусуна

контролду жана текшерүүнү ишке ашырат, ошондой эле өз компетенциясынын

чегинде УАКтын курамынын (мүчөлөрүнүн), Президиумдун жыйындарында кабыл

алынган чечимдерге, окумуштуулук даражалардын берилгендиги жөнүндөгү

дипломдорго жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү аттестаттарга

кол коет;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-

дары, башка мамлекеттик, коомдук жана эларалык уюмдар менен өз ара бай-

ланыш түзүү маселелери боюнча УАКтын атынан чыгат.

Төраганын орунбасары - УАКтын башкы окумуштуу катчысы түздөн-түз

төрагага баш ийет жана өз ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чектеринде

жүзөгө ашырат.

16. Диссертациялардын илимий дењгээлине, алардын илимий жана прак-

тикалык баалуулугуна, диссертациялык кењештердин ишине, аттестация

жүргүзүүдөгү талаптардын бирдиктүүлүгүнө контролдукту камсыздоо макса-

тында, ошондой эле УАК үчүн рекомендацияларды даярдоо үчүн УАКтын пре-

зидиуму илим, техника, билим берүү жана маданият жаатындагы көрүнүктүү

илимпоздордун жана адистердин ичинен эксперттик кењештерди түзөт.

Эксперттик кењештер жогорку окуу жайлардын, академиялык жана тар-

мактык илим-изилдөө институттарынын, илимий жана илимий-өндүрүштүк би-

рикмелердин, башка уюмдардын сунуштарын эске алуу менен түзүлөт жана

УАКтын төрагасынын буйруктары менен бекитилет.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо система-

сынын ишине окумуштуулардын жана адистердин катышуусу алардын коом-

дук-илимий ишмердигинин маанилүү жагы катары каралат жана эсепке алы-

нат.

17. УАКтын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестация-

лоо, диссертациялардын жана аттестациялык иштердин экспертизасын камсыз

кылуу жана уюштуруу, УАКтын президиумунун жыйындарында иштерди кароого

даярдоо маселелери боюнча УАКтын ишин уюштуруу жана техникалык жактан

камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдөрдү камтыган өз аппараты

бар, алар илимдин, техниканын, билим берүүнүн жана маданияттын тиешелүү

багыттары боюнча аттестациялоо жүргүзүүнүн сапаты үчүн жоопкерчиликте

болот.

УАКтын аппаратынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды ат-

тестациялоо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетектөөчү кызмат-

керлеринин кызмат орундарын илимий даражасы бар адистер гана элей алат.

VI. УАКтын мүлкү жана аны каржылоо

18. УАКтын имараты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик

менчик болуп саналат жана УАКка оперативдүү башкаруу укугунда бекити-

лет.

19. УАКтын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана

каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.

19-1. Атайын каражаттар бюллетендерди сатуудан, илимдин докторло-

рунун жана кандидаттарынын дипломдорунун жана алардын кошумча баракта-

рынын, профессор, доцент жана улук илимий кызматкерлердин аттестаттары-

нын бланктары үчүн акы төлөөдөн, чет өлкөлүк жарандардын, изденүүчүлөр-

дүн, менчик жана коммерциялык окуу жайлардын жана илимий мекемелердин

аттестациялык иштерин жана диссертацияларын экспертизалоодон, докторлук

диссертациялардын аннотацияларын жарыялоолордон түшкөн каражаттардын

эсебинен түзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-декабрындагы № 704 токтомунун редак-

циясына ылайык)

VII. УАКтын ишин токтотуу

20. УАКты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

21. УАКты кайра уюштуруу учурунда мүлк, материалдар жана жабдуулар

анын укугун мурастоочуга берилет.

22. УАКты жойгон учурда ал иштеп жаткан мезгилде келип чыккан до-

кументтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
