# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-июнундагы № 210 " 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан ишкерлерге контролдук-кассалык машиналарды орнотуу маселесине колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-июнундагы № 210 " 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан ишкерлерге контролдук-кассалык машиналарды орнотуу маселесине колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12137/edition/327425/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-июнундагы № 210 " 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан ишкерлерге контролдук-кассалык машиналарды орнотуу маселесине колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна (05.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58325

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 5-июну № 210

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун,

уурдоолордун жана баш аламандыктардын натыйжасында

жабыр тартышкан ишкерлерге контролдук-кассалык

машиналарды орнотуу маселесине колдоо көрсөтүү

боюнча кошумча чаралар жөнүндө

2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун жана

баш аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан ишкерлерге колдоо

көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун

жана баш-аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан ишкерлерди колдо-

ого карата патент маселеси боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 678 токтому менен

бекитилген тизмеге ылайык ишкер-ижарачыларга контролдук-кассалык маши-

наларды орнотуу мөөнөтү 2007-жылдын 1-августуна чейин узартылсын.

2. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана

2007-жылдын 1-августуна чейин күчүндө болот.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
