# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-июнундагы №208 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартууну токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-июнундагы №208 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартууну токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 208
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12135/edition/352806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-июнундагы №208 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартууну токтотуу жөнүндө" токтому (03.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58323

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы №424 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 4-июну № 208

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жаранынын

1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун

колдонуу мөөнөтүн узартууну

токтотуу жөнүндө

Республикада жарандарды жањы үлгүдөгү улуттук паспорттор менен

камсыздоо процесси турукташкандыгына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз

Республикасынан тышкары жүргөн жарандардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү пас-

портунун колдонуу мөөнөтүн узартуу 2007-жылдын 1-сентябрынан тартып

токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү, анын

ичинде белгиленген тартипте узартылган паспорту анын колдонуу

мөөнөтүнүн аягына чейин анык экендиги белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети менен

бирдикте Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн жарандарга Кыргыз Рес-

публикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун узартуу

2007-жылдын 1-сентябрынан тартып токтотула тургандыгы жөнүндө маалымдоо

боюнча иштерди жүргүзсүн.

4. "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү пас-

портунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындага № 178 токтому 2007-жылдын 1-сентяб-

рынан тартып күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министри А.Атамбаев
