# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-майындагы №196 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-майындагы №196 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 196
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12123/edition/327407/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-майындагы №196 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому (24.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58310

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 24-декабрындагы № 619 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 28-майы №196

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам

долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-

тик комитетинин төрагасынын орун басары бул мыйзам долбоорун Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

толуктоо киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., N 7, 92-ст.) төмөнкүдөй толуктоо

киргизилсин:

Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 148-1-статья менен толукталсын:

"148-1. Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген сырьего,

материалга жана комплектөөчү буюмдарга КНС төлөөдөн

бошотуу.

1. Бул Кодекстин 149-статьясына ылайык жеткирүүлөрдү туруктуу не-

гизде жүзөгө ашырган товар өндүрүүчүлөр - тышкы экономикалык ишмердик-

тин катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына

түздөн түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн киргизилген сырье, материал

жана комплектөөчү буюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тар-

типте импортко КНС төлөөдөн бошотулат.

2. Бул статьяда аталган импорттолгон сырье, материал жана комп-

лектөөчү буюмдар алып коюлган учурда, мындай алып коюу салык салынуучу

жеткирүү болуп эсептелет жана КНС салык органына төлөнөт.".

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
