Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 декабря 2007 года №619 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-12-24.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-декабрындагы № 619 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 28-майы №196
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам
долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитетинин төрагасынын орун басары бул мыйзам долбоорун Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., N 7, 92-ст.) төмөнкүдөй толуктоо
киргизилсин:
Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 148-1-статья менен толукталсын:
"148-1. Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген сырьего,
материалга жана комплектөөчү буюмдарга КНС төлөөдөн
бошотуу.
1. Бул Кодекстин 149-статьясына ылайык жеткирүүлөрдү туруктуу не-
гизде жүзөгө ашырган товар өндүрүүчүлөр - тышкы экономикалык ишмердик-
тин катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына
түздөн түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн киргизилген сырье, материал
жана комплектөөчү буюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тар-
типте импортко КНС төлөөдөн бошотулат.
2. Бул статьяда аталган импорттолгон сырье, материал жана комп-
лектөөчү буюмдар алып коюлган учурда, мындай алып коюу салык салынуучу
жеткирүү болуп эсептелет жана КНС салык органына төлөнөт.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун…Постановление · 24.12.2007 · № 619 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун…Постановление · 24.12.2007 · № 619 · Күчүн жоготкон