Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»токтомуна
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 марта 2008 года № 86 "Об отзыве некоторых проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-03-15.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 15-мартындагы N 86 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 26-майы №194
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоо-
рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., N 7, 92-ст.) төмөндөгүдөй толук-
тоо киргизилсин:
147-статьянын 2-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы 10-пункт менен то-
лукталсын:
"10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте
калкка берүү үчүн импорттолуучу жаратылыш газы.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2008 · № 86 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2008 · № 86 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон