# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы №185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы №185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12114/edition/356808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы №185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" (03.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58297

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 681 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 21-майы № 185

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты өзгөртүп уюш-

турулганына, анын түзүмү өзгөртүлгөнүнө, кызматкерлердин штаттык саны

кыскартылганына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-

нүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин иштерин натыйжалуу

камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө тиркелген жо-

бо бекитилсин.

2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-мартындагы № 115

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары

жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 14-сентябрындагы №

701 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укук бөлүмүндө коди-

фикация секторун түзүү) жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 180

"Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын региондук проб-

лемалар бөлүмүн түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-июнундагы № 384

"Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын штатына Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин кењешчисинин кызмат ордун кошумча

киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 10-сентябрындагы №

593 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структура-

сында КМШ менен байланыштар боюнча департаментти түзүү жөнүндө" токто-

му;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 10-сентябрындагы №

626 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структура-

сына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчилеринин штаттык

бирдиктерин кошумча киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-мартындагы № 148

"Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты жөнүндө жобону бе-

китүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-апрелиндеги №

428 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу" токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

аныкталган тартипте:

- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда функциялар-

ды кайрадан бөлүштүрсүн жана алардын иш жүргүзүү чөйрөлөрүнүн маселеле-

рин аныктасын;

- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону эки жума-

нын ичинде иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

бекитүүсүнө киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппарат жетекчисине - министрге жүктөлсүн.

Премьер-министри А.Атамбаев
