# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы № 180 "Табигый кырсыктардан жапа чеккендерге мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы № 180 "Табигый кырсыктардан жапа чеккендерге мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12109/edition/1141541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы № 180 "Табигый кырсыктардан жапа чеккендерге мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө" Токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58291

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт үйү 2007-жылдын 17-майы № 180

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ

Табигый кырсыктардан жапа чеккендерге мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө

Табигый кырсыктардан жапа чеккендерге гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:

- мамлекеттик резервден 5 мињ тонна аштык буудайды, анын

ичинде Казакстан Республикасынан гуманитардык жардам катары келген 1,5 мињ тонна эгинди белгиленген тартипте брондон чыгарсын жана аны табигый кырсыктар болгон райондорго жеткирүүнү камсыз кылсын;

- транспорт чыгымдарын жана жүктөө-түшүрүү иштерине

кеткен чыгымдарды жабууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2007-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн.

2. Табигый кырсыктан жапа чеккен бир үй-бүлөгө аштык

буудай данын берүүнүн нормасы 200 кг өлчөмүндө белгиленсин.

3. Баткен, Жалалабат, Ысыккөл, Нарын, Ош, Талас, Чүй

облустарынын мамлекеттик администрациялары:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

менен бирдикте табигый кырсыктардан жапа чеккендердин тизмесин такташсын;

- аштык буудай данын даректүү бөлүштүрүүнү жана берүүнү

жабыр тарткандардын такталган тизмесине ылайык камсыз кылышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда мамлекеттик резервден чыгарылган 3,5 мињ тонна аштык буудай данынын ордун толтуруу маселесин карасын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.

Премьер-миннстр А.Атамбаев
