# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12108/edition/327388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (24.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58290

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 17-майы № 179

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335

токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын

16-мартындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюшту-

руу чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй чечимдерине өзгөртүүлөр кирги-

зилсин:

(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-январындагы № 4

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү-

нүн ортосунда 2006-жылдын 4-июлунда Астана шаарында кол коюлган Кыргыз

Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекре-

ациялык объектилерге Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жөнгө

салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомунун 3-пунктундагы "Кыргыз

Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу"

деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору" деген сөздөр-

гө алмаштырылсын.

Премьер-министри А.Атамбаев
