# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 177 "Жарандардын жеңилдик берилген категорияларына медикаменттер үчүн акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-майындагы № 310 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтомуна

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 177 "Жарандардын жеңилдик берилген категорияларына медикаменттер үчүн акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-майындагы № 310 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтомуна
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 177
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12106/edition/389788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 177 "Жарандардын жеңилдик берилген категорияларына медикаменттер үчүн акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-майындагы № 310 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтомуна (22.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58288

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 16-майы № 177

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Жарандардын жењилдик берилген категорияларына

медикаменттер үчүн акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-майындагы

№ 310 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери жана оорук эмгекчилери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык: жа-

рандардын айрым категорияларына белгиленген жењилдиктерди мыйзам жүзүн-

дө берүү боюнча нормативдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Жарандардын жењилдик берилген категорияларына медикаменттер

үчүн акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн 2003-жылдын 27-майындагы № 310 токтомунун тиркемеси ушул ток-

томдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 16-майындагы

№ 177 токтомуна

тиркеме

Жењилдиктерге укугу бар жарандардын

категорияларына медикаменттер үчүн бир

жолку акчалай компенсациялардын

ӨЛЧӨМДӨРҮ

| Акчалай | Жењилдиктерге укугу бар жарандардын категориялары |
| --- | --- |
| компенсациянын |  |
| өлчөмдөрү |  |
| (жылына) |  |
| 800 сом | Улуу Ата мекендик согуштун майыптары |
|  | Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары |
|  | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин |
|  | майыптары |
|  | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин |
|  | катышуучулары |
|  | 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына |
|  | чейин блокада мезгилинде Ленинград шаарынын |
|  | ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген |
|  | адамдар жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" жана |
|  | "Блокадалык Ленинграддын тургунуна" белгиси менен |
|  | сыйланган адамдар |
|  | Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана |
|  | алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн |
|  | концлагерлердин, геттонун жана башка мажбурлап |
|  | кармоочу жерлердин мурунку эрезеге жетпеген туткундары |
| 640 сом | Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сињиргендиги үчүн |
|  | пенсия алуучу пенсионерлер |
| 400 сом | Курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер |
|  | кызматчыларынын кайра никеге турбаган жесирлери |
|  | (жесилдери) |
|  | Улуу Ата мекендик согуш жылдарында күжүрмөн эмгеги |
|  | жана ооруктагы кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин |
|  | ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар |
|  | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен |
|  | сыйланган адамдар |
|  | Улуу Ата мекендик согуш жылдарында жумушчу |
|  | колонналарга (эмгек армиясына) күч менен мыйзамсыз |
|  | мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган |
|  | адамдар |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат

Жетекчисинин биринчи орунбасары М.Сатыбеков
