# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 171 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициясынын маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 171 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициясынын маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12099/edition/968345/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 171 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициясынын маселелери жөнүндө" токтому (14.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58280

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 11-майы № 171

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Финансылык полициясынын маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция органдарынын

иштерин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-

лат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция жө-

нүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн караштуу Финансылык полиция ор-

гандарында кызмат өтөө жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын

башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын

кызматкерлеринин эњ жогорку штаттык саны 320 бирдиктен (тейлөө кызмат-

керлерин кошпогондо), анын ичинде борбордук аппарат - 80 бирдиктен ту-

рары белгиленсин.

3. "Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өр-

ткө каршы кызматтын; финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш

кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, бањгизаттарын кон-

тролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамда-

рына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жа-

на пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы №

12 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы-

на" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык

полиция" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген аскер кызматчыларына, ички иштер

органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы ор-

гандарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын ор-

гандарынын, бањгизаттарын контролдоо боюнча органдардын катардагы жана

жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жыл-

дарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби

жөнүндө жободо:

8-пункттун "б" пунктчасынын экинчи абзацындагы "Кыргыз Республика-

сынын Финансылык полиция кызматынын төрагасы" деген сөздөр "Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын директору" деген

сөздөр менен алмаштырылсын;

бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция

кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финан-

сылык полиция" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;

Жобого № 4 тиркеменин 3-пунктунун "г" пунктчасында "Кыргыз Респуб-

ликасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр менен алмашты-

рылсын.

4. "Ишкердик субъекттеринин иш-аракеттерине мамлекеттик контрол-

доочу органдар тарабынан текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 токтому менен

бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым

укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдардын тизмесине төмөнкүдөй өз-

гөртүү киргизилсин:

- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция".

5. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын

туусунун сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-

зилсин:

- токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республи-

касынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр менен тиешелүү

жөндөмөдө алмаштырылсын.

6. "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын кызмат-

керлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациянын нормалары

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июнундагы №

434 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республи-

касынын Финансылык полиция кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр менен алмашты-

рылсын;

- кириш сөзүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

14-февралындагы № 73 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлигине караштуу финансылык полиция органдарында кызмат

өтөө жөнүндө Убактылуу жобонун 35-статьясынын 1-пунктуна ылайык" деген

сөздөр алып салынсын

7. "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция кызматынын маселеле-

ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы

№ 32 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 11-майындагы

№ 171 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Финансы полициясынын башкаруу

СХЕМАСЫ

| Кыргыз Республикасынын | \---- | Жетекчилик |  |
| --- | --- | --- | --- |
| Өкмөтүнө караштуу |  | \------------------- |  |
| Финансы полициясы |  | \------------------- |  |
| \-------------------------- | \- | Коллегия |  |
| \-- | Борбордук аппарат |  |  |
| Бишкек шаары боюнча | \-- | \-- | Чүй жана Талас облустары |
| башкармалык |  |  | боюнча башкармалык |
| Иссык-Көл жана Нарын |  |  | Жалалабат облусу боюнча |
| облустары боюнча | \-- | \-- | башкармалык |
| башкармалык |  |  |  |
| Ош шаары боюнча | \-- | \-- | Ош жана Баткен облустары |
| башкармалык |  |  | боюнча башкармалык |
| Облустардын райондук |  |  |  |
| жана райондор аралык |  |  |  |
| бөлүмдөрү |  |  |  |
