Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы № 37 “Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында, Баткен облусунун аймагында 2007-жыллын 8-январында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомун аткаруунун жүрүшү жөнүндө» Токтом
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт үйү 2007-жылдын 8-майы № 156
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨМӨТүНүН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы № 37 “Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында, Баткен облусунун аймагында 2007-жыллын 8- январында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомун аткаруунун жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6- февралындагы № 37 “Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында, Баткен облусунун аймагында 2007- жылдын 8-январында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомун аткаруунун жүрүшүн карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура
жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин жабыркаган калкка жардам берүү жана бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин, Чыгыш электр” жана “Ош электр” ачык акционердик коомдорунун жер титирөөдөн жабыркаган тургундарга 2007-жылдын январь-февралында керектелген электр энергиясынын көлөмүн компенсациялоо жөнүндө маселени чечүү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштерин координациялоо боюнча иштери - жетишсиз деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура
жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик:
- жер титирөөдөн жабыркаган тургундарга үйлөрүн калыбына
келтирүү боюнча ысымдуу ипотекалык сертификаттарды берүүгө даярдануу иштерин 2007-жылдын 15-майына чейин аяктасын жана берүүнү баштасын;
- Кыргыз Республикасынын Фииансы министрлиги менен
бирдикте: 2007-жылдын майында үйлөрү 4-5-даражада бузулган үй- бүлөлөргө 50 мињ сомдон суммада акысыз материалдык жардам берүү маселесин чечсин; Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында Маданият үйүн оњдоо-калыбына келтирүү жумуштарын подряддык жумуштардын 2007-жылга карата программасына киргизсин жана бул максатка керектүү каражат бөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бузулган үйлөрдү калыбына келтирүүнү 2007-жылдын
бекитилген бюджетинин чегинде каржылоону камсыздасын;
- кошумча мүмкүнчүлүктөрдү издесин жана үйү 3-
категориядагы бузулууга дуушарланган ар бир үй-бүлөгө 10 мињ сомдон акысыз материалдык жардам көрсөтүү маселесин чечсин;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу
боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында 50 млн. сомго чейин суммада Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин резервдик акча каражат фондун түзүү маселесин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизүү үчүн аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылары белгиленсин;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун
ресурстары министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте жер титирөөдөн жабыркаган абоненттерге 2007-жылдын январында жана февралында керектелген электр энергиясынын көлөмүн белгиленген 300 кВт лимит боюнча компенсациялоо маселесин чечсин.
4. “Кыргызресурстары мамлекеттик ишканасы:
- жер титирөөдөн жабыркаган калкка цементти жана шиферди
“Кант цемент-шифер комбинаты” акционердик коомунун сатык баалары боюнча сатсын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өтүнмөлөрү
боюнча бузулган үйлөрдү жана башка жабыркаган обьектилерди калыбына келтирүү жана чыњдоо үчүн керектүү металл прокатты жана башка курулуш материалдарды сатып алууну жана жер- жерлерде сатууну уюштурсун.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- жабыркаган райондордун тургундарынын өтүнмөлөрү боюнча
2007-жылдын майында жер титирөөдөн жабыркаган турак үйлөрдү кайтадан текшерүүнү мамлекеттик жардамга муктаж үй- бүлөлөрдүн тизмелерин тактоо менен аяктап жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке аныкталган тартипте берсин;
- министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын жабыркаган обьектилерди калыбына келтирүү жана калкка жардам көрсөтүү боюнча иштерине координацияны уюштурсун. Облустар боюнча координатор кылып Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарларын дайындасын жана аларга пайда болгон бардык проблемаларды ыкчам чечүүнү тапшырсын;
- иш чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө апта сайын маалымат берсин;
- тез чечүү керек болгон маселелерди Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна оперативдүү тартипте киргизсин;
- 2007-жылы сатып алынган инженердик техниканы өзгөчө
кырдаалдар чыгышы мүмкүн болгон жерлерге жакындатып жайгаштырсын;
- инженердик жана коргоочу курулмалардын жазгы-күзгү
мүмкүн болгон суу ташкындарга даярдыгын жыл сайын текшерсин жана 20-мартка карата Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин;
- өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу себептерине иликтөө
жүргүзсүн жана конкреттүү күнөөлүү аныкталган учурда материалдык зыяндын ордун анын каражаттарынын эсебинен толтурсун.
6. Бул токтомдун - аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Премьер-министр А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-июнундагы № 229 "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна…Постановление · 19.06.2007 · № 229
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы № 37 "Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында, Баткен облусунун аймагында 2007-жылдын…Постановление · 06.02.2007 · № 37 · Күчүн жоготкон