# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын "Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын "Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12083/edition/327349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын "Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" токтому (04.05.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58259

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 4-майы № 151

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы

Кадамжай районунун калктуу конуштарынын аймактарын

кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун

калкы 160,0 мињ адамдан ашуунду түзөт. 2006-жылдын 1-январына

карата төрт айыл өкмөтүндө турак жай шарттарын жакшыртууга өтө

муктаж 1500дөн ашуун үй-бүлө жер участкаларын алууга катталган.

Баткен облусунун Кадамжай районунун тургундарынын социалдык

маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер

кодексинин 4 жана 20-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик

администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер

боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган Кадамжай

районунун калктуу конуштардын аймактарын кењейтүу үчүн Айыл чарба

жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 194,81 га жерин, анын ичинен

193,81 га - сугат айдоосун, 1,0 га көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген

жерин жана 35,6 га түп тамырынан жакшыртуу жайыттарын берүү

жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Төмөнкүлөр «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан

«Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун:

- Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун

Актурпак айылдык кењешинин 130,51 га сугат айдоосу;

- Кыргызкыштак айылдык кењешинин 32,0 га түп тамырынан

жакшыртуу жайыттары;

- Халмион айылдык кењешинин 32,3 сугат айдоосу, 1,0 га көп

жылдык өсүмдүктөр ээлеген жери, 3,6 га жайыттары;

- Орозбеков айылдык кењешинин 31,0 га сугат айдоосу.

3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик

администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү

киргизсин;

- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпы

пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта,

социалдык-маданий багыттагы объектилерди жана инженердик

коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен курулуш курууга

шаар куруу документтерин иштеп чыксын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүу бөлүмүнө жүктөлсун.

Премьер-министр А.Атамбаев
