Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын «Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 4-майы № 151
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы
Кадамжай районунун калктуу конуштарынын аймактарын
кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун
калкы 160,0 мињ адамдан ашуунду түзөт. 2006-жылдын 1-январына
карата төрт айыл өкмөтүндө турак жай шарттарын жакшыртууга өтө
муктаж 1500дөн ашуун үй-бүлө жер участкаларын алууга катталган.
Баткен облусунун Кадамжай районунун тургундарынын социалдык
маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 4 жана 20-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик
администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер
боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган Кадамжай
районунун калктуу конуштардын аймактарын кењейтүу үчүн Айыл чарба
жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 194,81 га жерин, анын ичинен
193,81 га - сугат айдоосун, 1,0 га көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген
жерин жана 35,6 га түп тамырынан жакшыртуу жайыттарын берүү
жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Төмөнкүлөр «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан
«Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун:
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун
Актурпак айылдык кењешинин 130,51 га сугат айдоосу;
- Кыргызкыштак айылдык кењешинин 32,0 га түп тамырынан
жакшыртуу жайыттары;
- Халмион айылдык кењешинин 32,3 сугат айдоосу, 1,0 га көп
жылдык өсүмдүктөр ээлеген жери, 3,6 га жайыттары;
- Орозбеков айылдык кењешинин 31,0 га сугат айдоосу.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик
администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпы
пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта,
социалдык-маданий багыттагы объектилерди жана инженердик
коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен курулуш курууга
шаар куруу документтерин иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүу бөлүмүнө жүктөлсун.
Премьер-министр А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон