# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12076/edition/1292681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58250

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 24-апрели № 143

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн дизелдик отун жана аштык буудай менен ыкчам камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы №

28 "Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 7-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-апрелиндеги N 157-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган 5,0 мињ куб метр дизелдик отундун калдыгы айылдык товар өндүрүүчүлөргө № 5 тиркемеге ылайык са- тылсын. Дизелдик отунду сатуудан алынган акча каражат күйүүчү-майлоочу материалдардын номенклатуралык запасын толуктоого жумшалсын;";

- 7-пункттун бешинчи абзацы алып салынсын;

- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- дизелдик отундун жетишпеген көлөмүн брондон чыгарылган автомо- билдик бензиндин бир бөлүгүнө алмашуунун эсебинен сатып алуу мүмкүндүгүн караштырсын.";

- 8-пункттун экинчи абзацындагы "жана күйүүчү-майлоочу материал-

дарды" деген сөздөр алып салынсын, "бөлүнүүчү" деген сөз "берилчү" де- ген сөзгө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун № 4 тиркемеси ушул токтомдун тиркеме-

сине ылайык редакцияда баяндалсын;

- 12-пунктундагы "Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты

өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун № 5 тиркемесинин аталышындагы "товар-

дык кредит түрүндө берүү" деген сөздөр "сатуу" деген сөзгө алмаштырыл- сын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 143 токтомуна тиркеме

2007-жылы жазгы себүүнү жүргүзүү программасын аткаруу үчүн кийин үрөндөргө, күйүүчү-майлоочу материалдарга, минералдык жер семирткичтерге жана запас тетиктерге алмашуу үчүн мамлекеттик материалдык резервден бөлүнгөн аштык буудайдын БӨЛҮШТҮРҮЛҮШҮ

| Облустардын | Берилчү аштык | Алуучу-жер |  |
| --- | --- | --- | --- |
| аталышы | буудайдын |  | " |
|  | көлөмү, тонна |  |  |
| Баткен | 800 | "Талас-Дан-Азык" АК - 400 тонна |  |
|  |  | "Буудай-Кара-Балта" АК - 400 тонна |  |
| Жалал-Абад | 1000 | "Талас-Дан-Азык" АК - 800 тонна, |  |
|  |  | Жалал-Абад облусунун жергиликтүү |  |
|  |  | жооптуу сактоочулары - 200 тонна |  |
| Ысык-Көл | 2300 | "Буудай-Каракол" АК - 2300 тонна |  |
| Нарын | 1700 | Нарын облусунун жергиликтүү |  |
|  |  | жооптуу сактоочулары - 1700 тонна |  |
| Ош | 1000 | "Талас-Дан-Азык" АК - 400 тонна, |  |
|  |  | "Буудай-Каракол" АК - 600 тонна |  |
| Талас | 800 | "Талас-Дан-Азык" АК - 800 тонна |  |
| Чүй | 10000 | Чүй облусундагы "Сулиев" ЖЧ - |  |
|  |  | 2000 тонна "Алтын-Дан" АК, |  |
|  |  | Балыкчы ш. - 400 тонна |  |
| Республика боюнча | 10000 |  |  |
